Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болду

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев принял участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета
Президент Алмазбек Атамбаев принял участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан 9-майдын алдында Евразиялык экономикалык биримдикке кошулду.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан жаңы интеграциялык уюмга — ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алынды. Бул боюнча Москвада аталган биримдикке кирген өлкөлөрдүн саммити өтүп, ал уюмга жаңы мүчө өлкөнү кабыл алуу менен аяктады.

Саммитке катышкан мүчөлөрдүн ичинен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев буга чейинки түкшүмөл жаратып келген суроолор ачыкталгандыгын айтып, Кыргызстанды куттуктады.

 "Түкшүмөл жараткан суроолордун бардыгы ачыкталды, бүгүн биз кыргыз тараптын биздин биримдикке толук кандуу кабыл алуу боюнча документти кабыл алып жатабыз, куттуктайм", — деди Назарбаев.

Ал эми Армениянын мамлекет башчысы Серж Саргсян аталган уюмдун курамын дагы жаңыртуу туурасында сунушун айтты. 

"Биз Түштүк багытта кызматташуу аймагыбызды, географиялык аймакты кеңейтүү зарыл деп эсептейм. Тактап айтканда, Иран менен тыгызыраак кызматташуу зарыл", — деп айтты Саргсян.

Кыргызстандын укуктук жактан ЕАЭБге толук кандуу мүчөсү болушу үчүн анын протоколдорун Жогорку Кеңеш ратификациялашы керек.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн Sputnik сайтынан көрсөңүздөр болот>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0