Премьер кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжалды обьективдүү иликтөөнү тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Өзбекстандын тийиштүү органдары менен биргеликте чатактын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча тапшырма берди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяны обьективдүү иликтөө керектигин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев менен болгон жолугушууда тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чек ара чегинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан тарап кармалган кыргызстандыкты бошотуп, каза болгондун сөөгүн өткөрүп берди
Өкмөт башчысы Өзбекстандын тийиштүү органдары менен биргеликте чатактын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча иш-чараларды уюштуруу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча жергиликтүү орган жетекчилерине жергиликтүү калк арасында Кыргызстандын мыйзамдарын жана чектеш мамлекеттер менен чек ара тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0