ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин саммити майдын аягында Астанада өтөт

© AFP / STANISLAV FILIPPOVАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдиктин 8-майдагы биринчи саммитинде Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча акыркы документке кол коюлган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Астана шаарында 29-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин катышуусунда саммит болот. Ал жакта Кыргызстандын биримдикке кирүүсүндөгү маселелер талкуулана турганын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымат жыйында билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдиктин 8-майдагы биринчи саммитинде Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча акыркы документке кол коюлган.

Министрдин айтымында, бул жолугушууга чейин Кыргызстан биримдикке кирүү боюнча бардык документтерди ратификациялайт.

"Башкысы, ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин парламенттери да бул процедураны жасаганга жетишүүсү керек", — деди ал.

Министр, ошондой эле, КР өкмөтү бардык документтерди жактырганын, алар Жогорку Кеңешке келе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0