Кылмыш иши. Архив

Самаковдун жактоочусу ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деп эсептейт

78
(жаңыланган 10:55 16.05.2015)
Самаковго карата кылмыш ишин козгогондо, ал мамлекеттик кызматкер да, депутат да эмес, жөнөкөй жаран болучу. Кылмыш иши негизсиз, алдын ала жана мыйзамсыз козголуп жатат дейт анын жактоочусу.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Парламенттин депутаты Карганбек Самаковго кылмыш иши мыйзамсыз козголду деп билдирди Sputnik маалымат сайтына эл өкүлүнүн жактоочусу Арстанбек Аскарбеков.

Самаков 15-майда Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деген шек менен кармалган. Ага Кылмыш Жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган

Жактоочунун айтымында, жума күнү, 15-майда аны жана депутатты чакыруу кагазынын негизинде Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Абдырасулов чакырган. 

"Чакыруу кагазында Самаковго карата кылмыш иши козголгондугу көрсөтүлгөн эмес. Биз буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырып жатса керек деп ойлоп бардык. Бүгүн чакырышты да башкы прокурор Индира Жолдубаеванын депутатка 303- берене менен кылмыш ишин козгоо боюнча токтомун көрсөтүштү. Токтомдо 14-март деп жазылып турат", — деп айтып берди жактоочу. 

Аскарбеков коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин субъекти мамлекеттик кызматтагы адам болушу керектигин айтты. 

"Самаковго карата кылмыш ишин козгогондо, ал мамлекеттик кызматкер да, депутат да эмес, жөнөкөй жаран болучу. Кылмыш иши негизсиз, алдын ала жана мыйзамсыз козголуп жатат", — деди анын жактоочусу. 

Самаков Жогорку Кеңештин IV чакырылышына "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген. Бирок, ал 2014-жылдын аягында "Ата Мекенден" чыгып, өзүнүн партиясын түптөгөндүгүн айткан. 

Ал КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын (ПАА) Саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары. ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары.

78
Белгилер:
депутат, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, Арстанбек Аскарбеков, Карганбек Самаков, Индира Жолдубаева
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
Самаковду кантип кармашкандыгын анын жактоочусу айтып берди
Кулов: депутаттарга кол тийбестик укугун алып коюу жакпай жатат
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив

Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?

426
(жаңыланган 22:52 16.01.2021)
Россиялык өндүрүштөгү С-400 зениттик ракеталык системалар Евразиянын өлкөлөрүнө жайылууда. Кытай, Түркия, Индиядан соң Беларусь Республикасынын Аскердик-аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү "Триумфтар" менен куралданууга камынууда.

Ирак, Катар жана Марокко (Африкалык континенттин түндүк-батышы) да С-400дү сатып алуу процессинде. Планета боюнча С-400 зениттик ракеталык системаларын ийгиликтүү жайылтуунун негизи – жакын аналогдорунун жоктугу, уникалдуу аскердик мүнөздөмөлөрү. Аталган тутумдун экспорттук дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.

Беларусь Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Аскердик-аба күчтөрү жана абадан коргонуу бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Игорь Голуб 14-январда С-400 "Триумф" жаңы тутуму менен куралдана турганын жарыялады. Бул системалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи муундагы F-22 жана F-35 истребителдеринин (НАТО жүздөгөн F-35ти Европага жайгаштырууну пландайт) аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен атайын иштелип чыккан.

Мындан тышкары, куралдуу күчтөрдө "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин өздөштүрүү боюнча келишим алдындагы иштер жүрүп жатат. МИ-35 көп буталуу сокку уруучу тик учактары, россиялык өндүрүштөгү СУ-30СМ истребителдеринин экинчи партиясы менен жабдууга келишим түзүлгөн.

Беларустук аскердик күчтөрү быйыл "Противник-Г" жана "Восток" жаңы радарларын куралданышмакчы. Мурдараак аталган өлкөнүн аба мейкиндигин коргоо боюнча аскердик күзөткө РФ өндүрүшүндөгү S-диапазонундагы жаңы "Сопка-2" үч координаттуу трассалык радиолокациялык комплексин алган. Батыш санкциялары жана экономикалык кыйынчылыктар Россияны Беларустун армиясын курал менен айныгыс жабдуучу кылат.

Беларусь Республикасынын асманы бардык агрессорлор үчүн жеңилгис чепке айланууда. Аскердик-аба күчтөрүнүн бөлүктөрү жана Абадан коргонуу күчтөрү өтө татаал кырдаалда, душман тарабынан ракеталык курал жана учкучсуз учуучу аппараттар пайдаланылган сириялык, ливиялык жана карабахтык тажрыйбаны эске алуу менен аскердик милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.

Оптимисттик динамика

Россия менен активдүү аскердик-техникалык кызматташуу дүйнөнүн элүү өлкөсүнүн, анын ичинде КМШнын жети өлкөсүнүн коопсуздугун жана суверенитетин бекемдейт. Чет өлкөлүк адистер РФ өндүрүшүндөгү аскердик учак жана абадан коргонуу тутумдарынын жөндөмдөрүн кыйла таасирдүү инструменттер деп эсептешет.

Кытай С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумдарынын биринчи чет өлкөлүк буюртмачысы болгон. ЗРС С-400 эки полктук комплекти боюнча россиялык-кытай келишими тууралуу 2014-жылдын ноябрында белгилүү болгон.

Бир комплекттин курамында мобилдик командалык пункту, ракета кое берүүчү эки дивизиондук орнотмосу, радиолокациялык станциялар, эки типтеги 120дан ашуун тескелүүчү жаңы ракета бар.

Кытайлык адистер 2018-жылдын декабрында "Триумфтардан" ийгиликтүү ок атып көрүшкөн. Система 250 чакты чакырым аралыктан секундасына 3000 м ылдамдыкта учуп бараткан баллистикалык бутасын кыйраткан.

С-400 системасынын экинчи полктук комплектин Кытай 2019-жылдын декабрында алган. Кытайда россиялык "Триумфтардын" негизги артыкчылыктары – 400 чакырымга чейинки аралыктан аракет этип (бул дүйнөдө "жер – аба" тибиндеги эч бир ракеталык системанын колунан келбейт), согуштук аракеттердин жүрүшүндө бута көрсөткүчтөрүн, алыскы аралыктан шпионажды токтотуу үчүн душмандын ыраак радиолокациялык кармоочу учактарын жок кыла алышы.

С-400 системалары КЭРдин тегерегиндеги перифериялык жана талаштуу райондорун ынанымдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Россия жана Түркия С-400 "Триумф" ЗРС боюнча 2017-жылы макулдашышкан. Келишим наркы – 2,5 миллиард доллар. Бул түркиялык-америкалык алакаларда олуттуу каатчылык жараткан.

Санкциялар, ошондой эле Түркияны америкалык F-35 истребителин жасоо программасынан чыгарарын айтып коркутуу менен Вашингтон келишимден баш тартып, тек гана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну талап кылган.

Анкара АКШнын ультимативдик талаптарына моюн сунбастан, 2019-жылдын жайында С-400 ЗРС төрт дивизионун (алгачкы комплект) алган. Түркия экинчи комплектти сатып алууга жана өлкөнүн маанилүү объектилерин калкалоо үчүн эң ынанымдуу жана заманбап тутумдарын түзүүгө ниеткер.

Анкарага жакын жайгаштырылган С-400 сыноолордун жүрүшүндө 600 чакырым аралыктан радиолокациялык системалардын аракет аймагынын чегиндеги F-16 Fighting Falcon истребителин байкаган. Башкача айтканда, аба буталарын табуу жана жок кылуу автоматтык режимде жүргүзүлгөн аскердик күзөт режиминде F-16 Fighting Falcon истребителдери Анкарадан 400 чакырым аралыктан "Триумф" тарабынан жок кылынышы ыктымал. Аталган эки өлкө С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын экинчи комплектин (полкун) алуу жөнүндө 2020-жылдын июнунда принципиалдуу түрдө макулдашышкан. Индия 2018-жылдын октябрында С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын беш комплектин алууга 5,43 млрд. долларлык келишим түзгөн. Делидегилер АКШнын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, чечкиндүү түрдө ниеттенген.

The Times of India басылмасынын маалыматы боюнча, россиялык "Триумфтарды" Индия батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында (Кытай жана Пакистан тараптан коркунуч спектрин эске алуу менен) жайгаштырып, өлкөнүн абадан коргонуу тутумдарында революция кылат.

С-400 зениттик ракеталык тутумдарын пайдаланууну үйрөнүү жана аскердик колдонуу үчүн 100 индиялык адистен турган алгачкы топ Россияга ушул айдын аягына чейин келет. Индияда "Триумфтардын" биринчи полктук комплекти менен 2021-жылдын аягында куралдануу пландалган. Россия С-400 ЗРС полктук комплектин бешөөнү тең 2025-жылга дейре тапшырып берүүгө ниеттенет.

"Триумфалдык" келечек

"Триумфтарды" сатып алуу боюнча Марокко, Катар, Ирак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мурдараак С-400 россиялык зениттик ракеталык тутумдарын сатып алууга Алжир, Вьетнам, Египет, Сауд Аравиясы, жалпы 12ден ашуун өлкө кызыкдарлыгын билдирген.

Чет өлкөлүк суроо-талап экспортчунун сунушунан жогору (Россия бул маселеде Аба-космостук күчтөрүнө артыкчылык берет). АКШнын санкциялар аркылуу душмандарга каршы аракет жөнүндөгү мыйзамга (ага президент Дональд Трамп 2017-жылдын августунда кол койгон) ылайык бул өлкөлөргө санкцияларды киргизе алат.

Ыраак аралыктан абадан коргонуу тутумундагы мыкты С-400дү дүйнөдө эч ким токтото албайт. "Триумф" системалары дүйнөнү өзгөртүүдө. Эгер С-400 зениттик ракеталык тутумдарды, мисалы, Иран сатып алса, Персид булуңунун аймагындагы АКШ авиаташуучулары таптакыр пайдасыз оюнчукка айланып калат.

Вашингтон дүйнө таануу концепциясын аргасыз түзөтүүгө, Иран менен диалогунда "өз стилин кайра карап чыгууга" туура келет. Бул Иракта эбак башталган.

АКШнын Ирактагы элчилиги жана аскердик базалары улам ракеталык аткылоолорго кабылып келет. Америкалык зениттик ракеталык комплекстер ракеталык чабуулдарга каршы туруштук бере алган эмес. Залптык октун реактивдүү тутумунун дүрмөттөрү Багдаддын "жашыл аймактарында" жарылууда, бул АКШны дипломатиялык персоналынын басымдуу бөлүгүн көчүрүүгө жана ирактыктардан Россиядан сатып алынган "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин ижаралоого мажбурлоодо. С-400 зениттик ракеталык тутумдарга кайталы. "Триумфтун" маанилүү артыкчылыгы – радиолокациялык системалардын айланага көз чаптыра алышы жана төрт типтеги ракеталарды колдонуунун ийкемдүүлүгү (көп деңгээлдүү абадан коргонуунун түзүлүшү).

Ар кыл типтеги ракеталарды пайдалануу гипер үндүү буталарды, аскердик авиацияны, учкучсуздарды, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды 5 метрден 30 чакырымга чейинки бийиктиктеги, 400 чакырымдан 2 чакырымга чейинки аралыктагы жетиштүү диапазондо майнаптуу кыйратууга мүмкүнчүлүк берет.

"Триумфтун" бир батареясы 72ге чейин мээлөөчү ракеталарга ээ болушу мүмкүн, секундасына 4800 метрге чейинки ылдамдыкта учуп бараткан 36га чейинки бутаны бир убакта аткылай алат.

С-400 системасы ар кыл типтеги зениттик ракеталык комплекстерин (С-300, Панцирь-С1, Тор-М1) интеграциялап, радиоэлектрондук каршы аракет этүүнүн ар кандай шартында ар кыл ыраактыктан абадан коргонуу тутумдарын тескей алат.

Ал ортодо быйыл россиялык аскердик бөлүктөр 200 чакырымга чейинки бийиктиктеги согуштарга даяр С-500 революциялык системасына ээ болот. Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча өнөктөштөрү жаңы кезектен орун ээлей берсе болот.

426
Белгилер:
ылдамдык, комплекс, Беларусь, Индия, Кытай, Россия, курал, ракета
Тема боюнча
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
Беларусьтун президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады

98
Мамлекет башчысы Беларуста соңку күндөрү 10-12 миңдей адам гана акцияга чыккан, бирок аны Telegram-каналдардан "200 миң адам" деп берип жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Беларустагы нааразычылык акциялары COVID-19 пандемиясынан улам чек аралар жабык турганына байланыштуу көпкө созулуп кетти. Бул тууралуу аталган республиканын президенти Александр Лукашенко "Россия 1" телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мурунку менен мындагы шайлоодон кийинки кырдаалды салыштырганда өтө деле өзгөчөлүк байкалган эмес.

"Мында болгону көпкө созулуп кетти. Эмнеге? Себеби жадагалса силер дагы (Россия — ред.) чек араңарды жаап алдыңар. Анан Россияда иштеп жүргөн миңдеген адам бул жакта калып калды, алар иштегиси келбейт. Мен сиздерди жемелеген жокмун, жөн гана айтып жатам. Митингдердин көпкө созулушунун объективдүү себеби ушунда. Ар бир шайлоодон кийин сөзсүз ызы-чуу чыгат, автоинспекторлордун машинасы өрттөлөт, 2010-жылы өкмөт үйүнө чабуул коюлган. Бизде өкмөт үйүнө чынында эле чабуул жасалды. Муну кабыл алуу оор, бирок бул факт", — деди Лукашенко.

Ошондой эле мамлекет башчысы Беларуста соңку күндөрү 10-12 миңдей адам гана акцияга чыгып жатканын, бирок аны сүрөткө тартып Telegram-каналдардан "200 миң адам" деп берип жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Беларустагы массалык нааразычылык акциялары 9-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң башталган. Анда мамлекеттин азыркы лидери Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңип чыккан. БШК президенттин добуштардын 80,1 пайызын алгандыгын билдирген. Ошондон бери өлкөдө саясий абал тынчыбай, митинг коштогон окуялар улам кайталанып келет.

98
Белгилер:
Россия, пандемия, Митинг, Беларусь, Александр Лукашенко
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы, жөө күлүк Гулшана Сатарова

Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек

0
(жаңыланган 15:45 17.01.2021)
Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.

Өзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 28 жаштагы атлет менен кезигип дүйнөлүк аренада жараткан ийгиликтери, спортко аралашуусу жана жеңил атлетиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.

— Айымдар арасында алгачкы Эл аралык спорт чебери наамын алган спортчу болуу кандай сезим?

— Албетте, мындай жогорку наамга жеткен биринчи кыргыз жеңил атлети болуу өтө жагымдуу. Жаңы кыялдарды жаратып, дагы да көптөгөн бийиктиктерди багындырууга түрткү болот. Бирок убакыт өткөн сайын жеке мен үчүн көнүмүш эле нерсеге айланып калды десем болот. Ошол эле кезде үстүңө чоң жоопкерчиликти дагы жүктөйт. Мисалы, кээде үй-бүлөлүк же болбосо башка нерселерден улам балким спортту таштасамбы деген ойлор келип калат да. Ошондой кезде башкалардын сага болгон ишеними, ошол эле жоопкерчиликтен улам азыр токтотуу туура эместигин түшүнүп, уланта бересиң. 

— Эми өзүңүз тууралуу бир аз айта кетсеңиз.

— Мен 1992-жылы Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Токтогул айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем негизинен өзүбүздүн эле Баткенден болушат. Бирок убагында турмуш шартына байланыштуу Өзбекстанга барып, ал жакта чоңоюп, анан чогуу түтүн булатып калышкан. Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Беш агам жана эжем бар. Спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгам. 1500 метр жана үч чакырымдык аралыкка чуркайм. Ошондой эле жакында 42 чакырымдык марафондо да күчүмдү сынай баштадым. 

 Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова во время тренировок
© Фото / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кошуна өлкөдө балалыгыңыз кандай өттү?

— Башкалардан айырмаланбаган эле бактылуу балалыкты башыман өткөрдүм. Ал жакта өткөргөн күндөрүмдү эстеген сайын азыр деле сагыныч, кусалануу болуп турат. Кантсе да киндик каным тамган, туулуп-өскөн жерим. Менин спортко болгон сүйүүмдүн да башталган жери. Андыктан менин жөнөкөй жана спорттук жашоом үчүн айылымдын орду чоң.

— Кыргызстанга кантип келип калдыңыздар?

— Кошуна өлкө болгону үчүн кичинекей кезимден бери эле келип-кетип турчумун. Бул жакта туугандарыбыз бар эле. Кийинчерээк спорт менен алектене баштаган кезде өзбекстандык жеңил атлет катары келип мелдештерге катыша баштадым. Андыктан Кыргызстан эч качан мага бөтөн болгон эмес. Мектепте окуп жүргөн кезимде үй-бүлөбүздүн баары Жалал-Абадга көчүп келип, биротоло жашап калышты. Мен спорт колледжиндеги окуумду бүтүргөнгө чейин Өзбекстанда жүрүп калдым. Орто билимдүү болгон соң он сегиз жашымда бир туугандарымдын жанына келейин деп чечтим. Экинчиден, кыргыз болгон соң Кыргызстандын желегинин алдында мелдештерге катышкым келди. Эгерде ийгиликтерге жетишсем, анда кыргыз туусу желбиреп, гимни ырдалып турса деген тилегимди орундатууну чечтим.

— Алгач келгенде эки өлкөнүн жашоо же спорттук шарттары боюнча айырма байкалдыбы?

— Күнүмдүк жашоодо эч кандай айырма деле жок. Маданиятыбыз, менталитетибиз окшош эле элбиз да. Ал эми спорт тармагында, албетте, айырма бар. Өзбекстандын бул жаатта күчтүү экендиги баарыбызга эле белгилүү. Ал жакта спорт ар дайым биринчи орунда тургандыктан, ага жараша мамиле, көңүл буруу да жогорку деңгээлде. Бирок, айта кетчү нерсе, бизде акыркы беш жылдын ичинде жеңил атлетика өнүгүү жолуна түштү. Жеке өзүмө сезилген айырма же өзгөчөлүк тууралуу айта турган болсом, Кыргызстандын абасы, климаты абдан жакты. Бул спорттук карьерама да жакшы жардам берип, кыска аралыкта күчтүү жөө күлүккө айландым десем болот. Келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым. Алгач мындай ийгиликтерге өзүм да таң калчумун. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Спортко кантип аралашып калдыңыз жана эмне үчүн жеңил атлетиканы тандадыңыз?

— Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам. Себеби байкелеримин эң кенжеси спорттун ушул түрү менен машыкчу. Мен да болбой эле анын артынан ээрчип, кызыгып жүрүп бир жылга жакын алектендим. Анан үйдө атамдан коркуп, мага катуу басым жасай албаган байкем мектепте күчүн чыгара баштады. Машыгуу учурунда спарринг-өнөгү катары мени тандап алып эле үстөмдүк кыла берчү. Ошондон тажап калган кезде классташтарым жеңил атлетика боюнча машыгуу залы ачылганын айтып калышты. Ал кезде үчүнчү класста окучумун. Ошентип жеңил атлетикага баш багып, он сегиз жылдан бери алектенип келем.

— Эл аралык жана жергиликтүү аренада көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиз. Арасында эң эсте калганы кайсынысы деп эсептейсиз?

— Ар бир спортчу үчүн алгачкы жеңиши эсинде калса керек. Алгач 2009-жылы Беларуста өткөн Евразия оюндарында ийгиликке жетишкем. Ал кезде Өзбекстандын атынан катышчумун. Алгачкы күнү күмүш медаль тагынсам, экинчи күнү алтынга ээ болдум. Ал күнкү сезимдер азыркыга чейин эсимден кетпейт. Себеби менин спортчу катары жолумдун ачылышы эле. Ал эми эң маанилүүсү катары 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарындагы экинчиликти эсептейм. Ал күмүш медалымдын орду өзгөчө. Анткени жаңы гана кыздуу болгон кезим эле. Бир жылга жакын бөбөк менен үйдө отуруп, спорттук иш-чараларды токтотуп койгон болчумун. Кайрадан баарын нөлдөн баштоого туура келди. Машыгып баштаган кезимде спортко жаңыдан келгендей эле болгом. Ошентип кызым бир жашка толо элек жатып алгачкы чоң мелдештеримдин бирине катыштым. Дароо эле байгелүү орунга ээ болуу чоң жетишкендик болду.

— Каражат жагына токтоло кетсек. Алдыңкы спортчулардын катары сиздин абалыңыз кандай?

— Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем. Менин байкашымча, каражат жагынан айрыкча эркек спортчулар көбүрөөк кыйналышат. Үй-бүлөң болсо абалың дагы да оорлошот. Менин кызым да жакында бешке чыгат. Ошентсе да кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с семьей
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Жолдошуңуз колдоо көрсөтүп турабы?

— Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет. Бирок өзү да спорт чөйрөсүндөгү инсан. Бокс менен машыгып, спорт мектебин бүтүргөн. Андыктан мени ар дайым түшүнүп, колдоп келет. Ал тургай кээде чарчап же болбосо көңүлүм келбей калганда мага түрткү берет. Ар бир эле спортчунун кыялы Олимпиада оюндарына катышуу болсо керек. Жолдошум да ар дайым "мен катыша албасам да сен сөзсүз түрдө күчүңдү сынап көрүшүң керек" деп айтып турат. Өзүбүз Ош шаарында жашайбыз. Кайын журтум да абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар. Мага болгон колдоосу аябай жакшы. Эч качан үйдө олтуруп тамак жаса, кызмат кыл деп айтышпайт. Тескерисинче, спортко көбүрөөк көңүл бугудай шарт түзүп беришкен.

— Пандемия сиздерге да кедергесин тийгизсе керек?

— Албетте, башка спорт түрлөрүндөй эле жеңил атлетикада да иш-чаралар токтоп калды. Өткөн жылы Германия, Польша жана Кытайда мелдештер болмок. Тилекке каршы, баарынын убактысы жылдырылды же өтпөй калды. Ал эми машыгуу жаатында өзгөрүү болгон деле жок. 2020-жылдын башында курама команда менен чогуу болуп, февраль айынын аягында үйгө келгенбиз. Анан дароо карантин башталып, бир айга жакын эч жакка чыга албай калдык. Андан соң машыгууга мурдагыдай эле кириштик. Баарыбыз Кара-Көлгө чогулуп даярдыгыбызды күзгө чейин уланттык.

— Эл арасында чуркоону спорттун оңой түрү деп ойлогондор көп кездешет. Бул тууралуу оюңуз кандай?

— Тескерисинче, жеңил атлетиканы спорттун эң татаал түрүнө кошор элем. Албетте, баарыбыз эле чуркай алабыз, болгону бир бут кийим гана керек деп ойлошу мүкүн. Бирок эч ким билбеген сырлары, өзгөчөлүктөрү көп. Ошол эле кезде белгилүү бир убакыт ичинде болушунча ылдам чуркоо чындап келгенде өтө кыйын. Андыктан профессионал жөө күлүк болуу эл ойлогондой оңой нерсе эмес. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с тренером
© Sputnik / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кыйын спорт деп калдыңыз, ырахаты эмнеде?

— Дал ошол кыйындыгында. Машыгуу учурунда кыйналасың, ызаланасың, кээде ыйлаган күндөрүң да болот. Эмне үчүн спортту тандадым, жөнөкөй жашоо менен эле жашасам болбойт беле дейсиң. Бирок ошончо кыйынчылыктардан кийин ийгиликке жетүү эң сонун нерсе. Аракетиң жакшы жыйынтыкталып, ар күнкү машыгууларың түшүмүн берип байге тепкичине чыккан кезде баарын унутасың. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс ырахат.

— Жеңил атлетика менен алектенгиси келген жаш спортчуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эч кандай кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуп, койгон максаттарыңарды жарым жолдо таштабагыла дейт элем. Спорттун бардык түрлөрү сыяктуу жеңил атлетиканын да оорчулугу бар. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Мен өзүм айылда чоңойгон кызмын. Үчүнчү класста окум жүргөн кезимде алгачкы жолу шаарга мелдешке келип калдым. Мелдеш өтчү жерде биринчи жолу спорттук кийимдерди көрдүм. Билесиздер, жеңил атлеттер кыска, денеге жабышкан кийимдерди кийишет. Спортчулардын баары ошондой форма менен жүрсө, мен жөнөкөй күнүмдүк кийим менен эле келгем. Аларды алгач көргөндө сууда сүзүүгө арналган кийим деп ойлоп, дароо базарга барып өзүмө сатып келдим. Аны кийип чуркай баштаганымда башкалардын шылдыңдап жатканын байкадым. Бирок буга окшогон майда жана чоң тоскоолдуктарга көңүл бурбай, талыкпай машыга бердим. Мээнетке жараша жыйынтык келерине ишенем. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Күндө чуркаган жөнөкөй жарандар көп кеңеш сурашса керек?

— Ооба, өтө көп. Күнүмдүк жашоодо ден соолукту чыңдоо үчүн чуркоо өтө пайдалуу. Бирок өзүңдү катуу кыйнабаш керек. Көпчүлүк адамдар башында кызыгуу күчтүү болгондуктан эки-үч күн катуу чуркап алышат. Эртеси катуу кыйналгандыктан көңүлү калып таштап коюшат. Андыктан денеге, өзгөчө жүрөккө күч келтирбей тургандай кылып жай баштоо керек. Акырындык менен көнүккөн соң таштабаганга аракет кылып уланта берсе, чуркоо ден соолукка эң пайдалуу спорт.

— Спортчу үчүн машыктыруучунун орду чоң да. Тренериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ар бир спортчуну ийгиликке жетелей турган адам — бул машыктыруучу. Өзүм эле даярданып ийгиликке жетишем деген болбогон нерсе. Менин спорттук карьерамда гана эмес, жашоомдо да өзгөчө орду бар тренерлерим бар. Алардын бири  — Өзбекстандагы алгачкы агайым Жаныш Абдусаттаров. Мени спорт мектебине киргизип, ушул жаатта алгачкы кадамымды таштоого түрткү болгон. Азыр ойлоп көрсөм, мен үчүн өтө чоң жакшылык кылган экен. Мектепте Галыбжан Эргашев деген агайдын колунда алты жыл машыктым. Ал да мага эбегейсиз жардам көрсөттү. Анткени башкаларга окшоп жатаканада эмес, анын үйүндө жашачумун. Ошондой эле азыркы машыктыруучум Абдылла Төрөжановду айта кетер элем. Он жылдан бери биргебиз. Мамилебиз аябай жакшы. Бири-бирибизди бат түшүнүп, маанайыбыз кандай экенин дароо байкап, ошого карата мамиле жасайбыз. Чынын айтсам, канча жакшы сөз айтсам да жетишсиз.

0
Белгилер:
ден соолук, машыктыруучу, чуркоо, жөө күлүк, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Эки жуманын ичинде кантип арыктаса болот? Фитнес-моделдин кеңештери