Атамбаев Россиянын $200 млн. бөлүп берүүсү жөнүндө келишимди ратификациялады

Жазылуу
Бул каражаттын эсебинен мамлекеттик чек аранын инфраструктурасы жабдылып, лабораториялар менен бажы түйүндөрү жаңыртылат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын 200 миллион доллар бөлүп берүүсү жөнүндө келишимди ратификациялады деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-апрелде кабыл алынган.

Президент Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюп аткан кези - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады
РФ тараптан техникалык колдоо көрсөтүү 200 миллион доллар акча бөлүп берүү түрүндө болот. 

Бул каражаттын эсебинен мамлекеттик чек аранын инфраструктурасы жабдылып, лабораториялар менен бажы түйүндөрү жаңыртыла турганы болжолууда.

Аталган макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды Кыргызстан аткаргандыгы жөнүндө Россия өкмөтүнө билдирүү республиканын Тышкы иштер министрлигине тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0