Төрага Жээнбеков баштаган ЖК делегациясы Москвада жүрөт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүРоссиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага Жээнбеков баштаган депутаттар Москвада РФтин парламентинин башчылары жана аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.

БИШКЕК, 26-май. – Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган парламенттик делегациянын Россияга расмий иш сапары 26-майда башталды. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков баштаган парламенттик топ кыргыз диаспорасы менен жолукту
Парламенттик делегация расмий иш сапардын алкагында Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин, Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушмакчы.

Жогорку Кеңештин делегациясы Кремль дубалынын боюндагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшат. Мындан сырткары, төрага Жээнбеков баштаган депутаттар Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0