Депутат: Бир дагы чуулгандуу саясый кылмыш иштин бети ачылган жок

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мисалга Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы жана Бакиевдердин мүлкү боюнча иштерди келтирди.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Кыргызстанда бир дагы чуулгандуу саясый иш аягына чыга электигин Жокорку Кеңеш жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

"Бир катар кылмыш иштери козголгону менен анын биринин да бети ачылган жок. Ошол эле Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши ушул убакка чейин топтоп турат. Изилдөөнүн да, экспертизанын да жыйынтыктары жок", — деди депутат.

Бокоев мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын туугандарынын мүлкү боюнча козголгон кылмыш иштери аягына чыкпаганын кошумчалады. Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекеттин эсебине ушу күнгө чейин 50 объект өткөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0