Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы дайындалды

© пресс-служба ГСИН КРЖаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы дайындалды
Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин жаңы төрагасы дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алик Мамыркулов жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына дайындалды.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Өкмөт алдындагы жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алик Мамыркулов дайындалганын мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер ЖАМКнын башчысынын орун басарын кызматынан алды
Маалыматка ылайык, жаңы төраганы эмгек жамаатка вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тааныштырды. 

Мамыркулов буга чейин өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Ал ЖАМК 2012-жылы да башкарганы белгилүү.

Мекеменин маалымат кызматы Sputnik агенттигине мурунку жетекчи Советбек Арбаев дүйшөмбү күнү кызматынан бошотулганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0