Феликс Кулов. Архив

Кулов: Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү шайлоочулардын каалоосу болду

38
(жаңыланган 13:48 03.06.2015)
Саясатчы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жүргүзүлө турган талкуу ачык жана демократиялуу болорун белгиледи.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү шайлоочулар тарабынан демилгеленгенин парламенттин көпчүлүк фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Парламентарий депутаттар менен жолугушуу учурунда шайлоочулар Кыргызстанда бийлик вертикалынын жоктугун, эч кандай реформа жана жаңылануулар болбогондуктан сот системасына ишенимдин төмөндөп кеткенин айтышканын белгиледи. Адамдар депутаттыкка жаман иштерин жаап-жашыруу үчүн гана ат салышарын айтышты, дейт Кулов.

Коалиция лидеринин билдирүүсүндө, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү элдин пикирин эске алуу менен демилгеленген. Референдум алдында аталган өзгөртүүлөр кеңири талкууланат. Натыйжада өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими парламент депутаттарынын 80 пайызынын колдоосуна ээ болушу кажет. Андан кийин ал Конституциялык палатанын кароосуна жөнөтүлөт.

"Бул үчүн иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Талкуу радио жана теле аянттарында өтөт. Депутаттар эл менен жолугушат. Калкка маалыматты жергиликтүү бийлик органдары жеткирет. Бардыгы ачык жана демократиялуу болот", — дейт Кулов.

Май айынын аягында парламенттик фракциялардын лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев жана Феликс Кулов тарабынан "Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоору демилгеленген. 

Апрель окуяларынан кийинки 2010-жылы өткөрүлгөн референдумда өлкөнүн башкы документине 2020-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий жарыялоо чечими кабыл алынган. Мораторийди алып салуу үчүн жалпы элдик референдум өтүшү керек.

38
Белгилер:
талкуу, өзгөртүүлөр, Баш мыйзам, Феликс Кулов
Тема:
Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү (11)
Тема боюнча
Конституцияны өзгөртүү толкундоолорго алып келет деп эсептейт эксперттер
Текебаев: КРдеги бардык саясый күчтөр макул болгондо гана Конституцияга өзгөртүү кириши мүмкүн
Пикирлер