Мустафа Джемилев. Архив

ТИМ Жемилевдун Кыргызстан тууралуу айткандарын кемсинтүү катары баалайт

26
(жаңыланган 18:12 03.06.2015)
Буга чейин бир катар ММК шейшемби күнү депутат жана крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев үч саат бою "Манас" аэропортунда кармалып турганы айтылган. Бирок, кийинчерээк ИИМ Жемилевду кармоо туурасындагы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги Украина депутаты Мустафа Жемилевдун Кыргызстандын дарегине айтылган осол сөздөрүн оор кабыл алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин бир катар ММК шейшемби күнү "Манас" аэропортунда депутат жана крым татарларынын лидери Жемилев үч саат бою кармалып турганы айтылган. Бирок, кийинчерээк ИИМ Жемилевду кармоо туурасындагы маалыматты четке каккан.

ТИМ Украина Жогорку Радасынын депутаты Жемилев интернеттеги өздүк баракчасына Кыргызстан тууралуу бир катар жагымсыз пикирлерин жазып чыккан.

"Чет мамлекеттин парламент депутатынын бүтүндөй бир мамлекеттин дарегине айтылган терс пикирин анын жеке эмоционалдык абалына шылтап коюуга болот. Кечээ КР Мамлекеттик чек ара кызматы Украина элчилиги тастыктаган түшүндүрмө берген: "Манас" аэропортунда Жемилев кармалган эмес жана бул боюнча эч кандай доомат жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Жемилевдун айткандары Кыргызстандын көз карандысыздыгына шек келтирерин белгилейт.

"Республиканын көз карандысыздыгынын булагы жана алып жүрүүчүсү анын эли болуп саналат. Кыргыз жергесинде жүргөн чет элдик жаран Жемилев өзүнүн сөзү жана аларды интернетке жарыялоосу менен кыргыз элинин меймандостугунан пайдаланып, сыйлабагандыгын билдирди. Мындай кадамдар Кыргызстан менен Украинанын эки тараптуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп белгиледи мекеме.

КР ТИМ Украинанын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасын жиберип, Украина парламенти жана расмий өкүлдөрү тарабынан түшүндүрмө берүүсүн күтүп жатканын билдирди.

26
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Мустафа Джемилев, Кыргызстан
Тема боюнча
Кулов: Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү шайлоочулардын каалоосу болду
Самаков үй камагында калды
Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасынын иши боюнча алгачкы сот отуруму болот
Пикирлер