Акыйкатчынын көптөн күттүргөн отчету парламенттин тармактык комитетинде эртең каралат

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Бактыбек Аманбаев. Архив
Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече убакыттан бери каралбай созулуп келе жаткан жылдык баяндамасын акыйкатчы ЖКнын тармактык комитетке алып келүүгө даярданып жатат.

БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев жылдык баяндамасын эртең, 9-июнда Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине алып келет. Бул туурасында акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Анын айтымында, акыйкатчы ЖКнын тармактык комитетине отчетун алып келүүгө даярданып жатат.

Аманбаев акыйкатчынын жылдык отчетун кароо мурдатан парламенттин күн тартибине киргизилбей калгандыгын айткан. Ал эми ЖК маалымат кызматы баяндаманы тармактык комитеттин күн тартибинде эки айдан бери тургандыгын билдирген. 

"Маселе комитеттин күн тартибине беш жолу киргизилген. ЖК регламентине ылайык, парламенттин кароосуна баяндама тармактык комитетте каралгандан кийин коюлат", — деген билдирүү тараткан ЖКнын маалымат кызматы. 

Бакыт Аманбаевди мындан эки жыл мурда, Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 3-октябрында КРдин акыйкатчылыгына шайлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0