Пан Ги Мун кыргыз парламенти өлкөдөгү өзгөрүүлөргө таасирин бергендигин айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив
БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы парламентаризм боюнча эл аралык конференцияга катышып, баяндама жасады.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, Кыргызстандын парламенти өлкөдө реформалар менен өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө маанилүү роль ойногондугун белгиледи.

Пан Ги Мун алгач 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга жасаган иш сапарын эске салды. 

"Арадан беш жыл өттү, көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, Кыргызстандын парламенти ушул мезгил аралыгында өлкөдө реформалар менен өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө маанилүү роль ойноду", — деп белгиледи БУУнун башкы катчысы.

Ал парламенттик демократияга өтүү – узакка созула турган процесс экендигин айтты.

"Көптөр өзгөрүүлөр мынчалык тез болбойт деп ойлоп жатышса керек, бирок кадам сайын демократия арымы да, ага карата ишеним дагы улам артууда", — деп белгиледи Пан Ги Мун. 

Президент Атамбаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолукту
Ал парламенттин алдында адамдардын керектөөсүнө дал келүү, туташ парламенттик демократияны орнотуу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын сапатын көтөрүү милдети тургандыгын белгиледи. Пан Ги Мун бир катар сунуштамаларды берип, анын ичинде, Кыргызстандын жарандык коому менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгын, анткени ал алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн негизги шарттарынын бири болорун айтты.

Пан Ги Мундун пикиринде, адам укуктарын сактоо маселесинде парламент аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча тутумдуу иш-чараларды өткөрүүдө маанилүү роль ойнойт. 

"Сиздер адам укуктарын коргоо, тынчтык орнотуу жаатындагы иштерде толугу менен менин колдоомо ишенсеңиздер болот. Коррупция менен күрөшүп, этникалар ортосундагы ынтымакты камсыздоо зарыл. Биз тынчтыктын сакталышына жана аймактагы, дегиле дүйнөдөгү элдердин бакубат турмуш сүрүшүнө көмөктөшүүгө даярбыз, Кыргызстандын ар бир жараны үчүн жаркын келечек болот",— деди ал.

Пан Ги Мун Борбор Азия сапарынын алкагында Кыргызстанга келди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0