Сариев биометрикалык маалыматтардын коопсуздугу сакталышын талап кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө 2,5 миллиондон ашуун кыргызстандык биометрикалык маалымат тапшырганын Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Биометрикалык маалымат жыйноо процессин тездетүү жана алардын коопсуздугун сактоону күчөтүү зарылдыгын премьер-министр Темир Сариев өкмөт жыйынында билдирди.

Биометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт аңдуу жөнүндө: биометрикалык маалыматтарга "аңчылык" болот
Жыйналыш жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова биометрикалык маалымат чогултуунун жүрүшү жана алардын коопсуздугун сактоо маселелери туурасында маалымат беришти. Мындан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов алдыда боло турган Жогорку Кеңеш шайлоосуна даярдык менен тааныштырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүнкү күнү биометрикалык маалыматын 2 миллион 551 миң 490 адам тапшырды. Мунун негизинде шайлоочулардын тизмеси такталууда", — деди Сарпашев.

Сариев күзүндө өтө турган парламенттик шайлоо мыйзам чегинде ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, мында жарандардын биометрикалык маалыматы чоң мааниге ээ.

"Өкмөт шайлоонун ачык-айкын өтүшүн жана бардык тийиштүү шарт менен камсыздоону өз мойнуна алды. Шайлоого даярдык иштерин күчөтүү зарыл", — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, Сариев биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессин тездетүү, алардын коопсуздугун жана жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0