Алиев: Атамбаевдин макулдугусуз бир дагы чечим ЕАЭБде кабыл алынбайт

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маанилүү чечимдер ЕАЭБ мамлекеттеринин өлкө башчылары тарабынан жактырылышы керек, дейт Евразия экономикалык комиссия департаментинин директорунун орун басары Самат Алиев. Анын айтымында, ЕАЭБде чечимдер консенсустун негизинде кабыл алынат.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. ЕАЭБде стратегиялык чечимдер консенсустун негизинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан кабыл алына турганын Евразия экономикалык комиссия департаментинин директорунун орун басары Самат Алиев билдирди. Бул кеңешке биримдикке мүчө мамлекеттер кирет.

"Эгер кайсы бир тарап айрым демилгелерге каршы болсо, ал маселени кароо кийинкиге жылдырылат. Президенттерге кырдаалды чечүүнүн башка жолдорун табууга мүмкүндүк берүү керек", — деди Алиев.

Анын айтымында, мамлекетке терс таасирин тийгизе турганына көзү жетсе, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар бири демилгеге каршылыгын көрсөтө алат. 

21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0