Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүлөт

Жазылуу
КР Коргоо министринин Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосундагы аскердик, аскердик-техникалык кызматташуу, кадрларды даярдоо маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев расмий иш сапары менен Казакстанга жөнөп кеткенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Коргоо жаатында биргелешкен пландар аныкталды
Министр башында турган Куралдуу күчтөрдүн аскер делегациясы 24-июнда Астана шаарына учуп кетти.

Иш сапарынын алкагында Кудайбердиев Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен жолугушат. Мында эки өлкө ортосундагы аскердик, аскердик-техникалык кызматташуу, кадрларды даярдоо маселелери талкууланып, аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюлат.

Аталган сапар Казакстандын коргоо министринин расмий чакыруусунун негизинде ишке ашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0