Ибраимов менен Шарипов бир нече мамлекетке Кыргызстандын атынан элчи болуп дайындалды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Кувейттеги жана Австриядагы элчилери дайындалды.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине Жусупбек Шарипов, Австриядагы элчилигине Эрмек Ибраимов дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эринес Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оторбаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды
Маалыматка ылайык, Жусупбек Шарипов  Кувейттен тышкары, Мароккодо жана Иорданияда да элчилик милдетти аткарат. Ал эми анын резиденциясы Эль-Кувейт шаарында орун алат. 

Эрмек Ибраимов болсо Вена шаарындагы резиденцияда жайгашуу менен,  Чехияда, Словакияда, Польшада жана Венгрияда кыргыз элчиси болот.

Тийиштүү буйрукка өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кол койду.

Буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп Эринес Оторбаев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0