Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду чакыртып алууну өтүнөт

Жазылуу
Мыйзам долбоордогу сунуштардын көбү колдоого алынганы менен, айрымдарын талкуулоого убакыт жетишсиз болгон.

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамга киргизе турган өзгөртүүлөрдү талкуулоого убакыт керек экенин белгилеп, демилгечилерден мыйзамды чакыртып алууну сунуштады.

Буга чейин көпчүлүк коалиция Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Бул коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып, айрым жарандык активисттер Ак үй алдында нааразычылык акциясын уюштурушкан.

"Сиздердин Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого багытталган жигердүү аракеттериңиздерди жогору баалоо менен бирге Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду чакыртып алууңуздарды өтүнөм", — деп айтылат президенттин ЖК депутаттары Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбековго карата жазылган сөзүндө. 

Өлкө башчынын айтымында, мыйзам долбоордогу сунуштардын көбү колдоого алынганы менен, айрымдарын талкуулоого убакыт жетишсиз болгон.

"Айрым сунуштар коомчулукта талаш-тартыштарды жаратты. Аларды такуулап, анализдеп чыгууга убакыт тар болду", — деп айтылат билдирүүдө. 

Президент беш жылдын ичинде кыргыз эли көп кыйынчылыктардан туура жол таап чыгып келгенин, парламенттик шайлоо алдында кырдаал тереңирээк изилдөөгө алынып, аталган мыйзам долбоорго Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы да тийиштүү көңүл бөлөрүнө ишенерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0