Кулов: Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча процесс башталды, эми ал токтобойт

Жазылуу
Кулов Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун президенттин чакыртып алуу туурасында өтүнүчүнө карата пикирин билдирип, башка учур болгондо эч качан баш тарпайт элем деди.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов президенттин өтүнүчү менен Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алгандыктарын айтып, бирок Конституцияны кайра карап чыгуу боюнча процесс башталып кеткендиктен, аны эми эч ким токтото албастыгын белгиледи. 

"Бул боюнча маселеге парламенттин жаңы курамы кайтып келе алат. Бул өжөрлүк эмес, болгону, бул жаатта көп иштер жасалып, талкуулар өткөн. Биз мыйзам долбоорун чакыртып алабыз. Бул боюнча президенттин өтүнүчү туурасында айтсам, башка учур болгондо, жеке мен эч качан баш тарпайт элем", — деди Кулов. 

Кулов бул боюнча Венеция комиссиясынын Баш мыйзамды реформалоо боюнча бүтүмү туурасында пикирин билдирип, комиссия толук жана комплекстүү анализди камтый алган эместигин айтты. 

Анткен менен, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча иш башталып калгандыктан, ал токтобой улана берет деген пикирде. 

Кулов: Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү шайлоочулардын каалоосу болду
"Конституцияны кайра карап чыгуу боюнча процесс башталды, аны эми эч ким токтото албайт. Биз бир артка кеттик дегенибиз менен, анын артынан алдыга эки кадам таштала тургандыгына ишенем. Эгерде буга чейин беренелер боюнча өзгөртүү киргизебиз десек, эми бир катар коомдук-саясий күчтөр муну менен чектелип калбайт. Алар тарабынан Баш мыйзамдын башка негиз салуучу беренелери боюнча демилге көтөрүлөт. Шайлоо жакындап келе жаткандыктан, Конституциялык реформа боюнча ар бир партиянын сунуштары чыгат. Андыктан дагы бир кайталарым, бул боюнча аракеттер башталды, эми кеңейтилип гана жүрүп отурат. Ал эми азыркы Баш мыйзамдан эмне каларын бир кудай өзү билет", — деди "Ар-Намыс" фракциясынын жетекчиси Фелик Кулов. 

Ал эми бейөкмөт уюмдар бул маселени баш кылып талкуулаган жарандык форум өткөрүп, анын соңунда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг өткөрүп, демилгечи депуттарды сынга алган.

Кулов жарандык активисттердин бул аракети туурасында, андай митингге каршы чыга турган тараптар болорун, бирок кеп анда эместигин, Конституциялык реформалар туурасында өз пикирин айткан адамдардын укугуна урмат менен мамиле жасоо керектигин айтты.

"Эгерде митинг боюнча айтсак, жооп катары мамлекеттин бийлигин бекемдөө, соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана депутаттардын жогорку мыйзамдык органдагы жоопкерчилигин арттыруу боюнча чыккан адамдардын митингин уюштурууга болот эле. Бирок кеп кайсы жак көп тарапташтарын алып чыгат дегенде эмес, кеп мындай Конституциялык реформалар туурасында өз пикирин айткан адамдардын укугуна урмат менен мамиле жасоо керектигинде турат. Митингдин катышуучулары өз талаптарын жазуу жүзүндө бере алышкан жок", — деди Кулов.

Шеримкулов: Конституцияны өзгөртүү демилгесин токтотпосоңор, аягы жакшы болбойт
Президент Алмазбек Атамбаев ишемби күнү, 27-июнда Баш мыйзамга киргизе турган өзгөртүүлөрдү талкуулоого убакыт керек экенин белгилеп, демилгечилерден мыйзамды чакыртып алууну сунуштаган. 

Конституцияны реформалоо коомчулук тарабынан ар кыл маанайда кабыл алынып, бир катарлары бул туура эмес кадам экендигин айтышкан. 

Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов Баш мыйзамга өзгөртүү киргизебиз деген аракет өлкөдө туруксуздукту жаратып, келе жаткан парламенттик шайлоодо чыр-чатакты пайда кылышы мүмкүн деген божомолун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0