Шейшекеева Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болду

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганын орун басарлыгына көпчүлүк коалициясынан Чынара Шейшекеева жана оппозициялык "Республика" фракциясынан Асел Пирматова ат салышты.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин "Замандаш-Современник" партиясынан депутат Чынара Шейшекеева Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болду. Тийиштүү чечим кезектеги сессияда депутаттар тарабынан кабыл алынды.

Портфель көтөргөн киши, Архив - Sputnik Кыргызстан
Ардамина менен Епифанцев Бишкек шаардык кеңештин катарынан расмий чыгышты
Шейшекеева "Замандаш-Современник" партиясынын катарынан чыгып, кеңештин курамынан кеткен Любовь Ардаминанын ордуна барды. Төраганын орун басарлыгына көпчүлүк коалициясынан Чынара Шейшекеева жана оппозициялык "Республика" фракциясынан Асел Пирматова ат салышкан.

Депутаттар Шейшекееванын талапкерлиги үчүн 25, ал эми Пирматовага 15 добуш беришкен. Бир бюллетень жараксыз болуп чыккан. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0