Парламент жаңы акыйкатчы издөөдө

© flickr.com / dahonВешалка для одежды
Вешалка для одежды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулса, бир айдын ичинде жаңысы шайланышы керек.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Парламент акыйкатчынын ордуна сынак жарыялаганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.

Буга чейинки акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин Кыргызстандагы адам укугун сактоо боюнча жылдык отчету канааттандырарлык эмес деп табылгандыктан, мөөнөтүнөн мурда бошогон.

Омбудсмен Бактыбек Аманбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Аманбаевди отставкага кетиришти
Мыйзам боюнча, акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсе, бир айдын ичинде жаңысы шайланышы керек.

Парламенттик фракциялардын бардыгы акыйкатчыга талапкер көрсөтүү укугуна ээ. Ар бир фракция үчтөн талапкер көрсөтө алат.

Акыйкатчы болуп Кыргызстандын жараны, мамлекеттик жана расмий тилдерди жакшы билген, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, 30 жаштан жогору жана 65 жаштан кем эмес курактагы адам шайлана алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0