Премьер-министр Темир Сариев. Архив

Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери ыркы келишпегендиктен кызматтан алынды

132
(жаңыланган 10:32 02.07.2015)
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтынын жетекчилеринин ыркы келишпегендиктен, өкмөт башчысы ведомстовонун жетекчисин жана анын үч орун басарын иштен алды.

БИШКЕК,  1-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында  1-июлда  Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтында жыйын өтүп, мамлекеттик кызматтынын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу кызматтын ишине терс  таасирин тийгизгендигин айтты.

Сариев жыйында мамлекеттик кызматтын ишине байланыштуу арыз-даттануулар боюнча 2015-жылдын 25-июнунда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, абалды иликтеп чыккандыгын билдирди. Иликтөө жыйынтыгына ылайык, өкмөттүн алдындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта оор кырдаал түзүлүп,  органдын ишинин майнабы аз болгон.

"Эң башкысы, Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматтынын жогорку жетекчилеринин ортосундагы араздашуу кызматтан ишине терс  таасирин тийгизген. Мамлекеттик орган жетекчиси менен орун басарлары биринин үстүнөн бири арызданганы менин практикамда биринчи жолу болуп отурат. Бул кызмат өлкөдөгү баңги заттарга каршы негизги координациялык мамлекеттик орган болгонуна карабастан, бул багытта эч кандай координациялык иштерди жүргүзгөн эмес", — деди Сариев.

Премьер-министр аталган кызматтын негизги милдети эл аралык уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган баңгизаттардын контрабандалык каналдарын аныктап, жок кылуу экенин эскертип, акыркы жылдары мындай иш жүргүзүлбөй калганын сынга алды.

Премьер-министр өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик кызматынын төрагасы Алымбай Султановду  өзү берген арыздын негизинде жана биринчи орун басары Гуламжан Анарбаевди, орун басарлар Кубанычбек Алымкулов жана жана Саламат Шыйкымбаевди иштен алды. 

Аталган кызматтын төрагасы болуп буга чейин ИИМдин 10-Башкармалыгын жетектеп келген Рафик Мамбеталиев дайындалдды.

 

 

 


132
Белгилер:
Баңгизаттарга көзөмөл кылуу боюнча Федералдык кызмат, Саламат Шыйкымбаев, Кубанычбек Алымкулов, Гуламжан Анарбаев, Алымбай Султанов, Темир Сариев
Тема боюнча
Рафик Мамбеталиев Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болду
УКМК: Финполдун майору пара алып жаткан жеринен кармалды
Каршылык акциясын мүчөлөрү. Архив

Бүгүн да Конституцияны өзгөртүүгө каршы жүрүш болду. Видео

149
(жаңыланган 14:48 29.11.2020)
Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы жекшембидеги экинчи тынчтык жүрүшү өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти. Жүрүштүн алкагында "Референдум өтпөсүн!", "Хандык бийликке жол берилбесин!" деген тариздеги лозунгдарды кыйкырып басышты.

Жүрүштүн видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.

Акцияга жүздөн ашуун адам катышканын байкоого болот. Алар Конституция өзгөртүлсө бийлик бир колго топтолуп каларын белгилешүүдө. Ошондой эле референдум өткөрүүгө караманча каршы болуп жатышат.

Белгилей кетсек, ушундай эле жүрүш мурдагы жекшембиде дагы өткөн болчу.

149
Белгилер:
каршылык, акция, жүрүш, референдум, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыккандар борбордук аянтка келишти. Видео
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Үлгүрүш керек... Ооруканада жаткан Камчыбек Ташиев үн катты

4597
(жаңыланган 12:28 29.11.2020)
Ташиев Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Анын диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ооруканада жатат деген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абалы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Ал ооруканага жатканын жашырганы менен үч күндөн кийин билинип калганын айтып, колдогондорго ыраазычылык айткан.

"Миңдеген адамдар дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, ырахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем. Менин өмүрүм кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштеймин, үлгүрүш керек... ", — деп жазган Ташиев.

Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.

4597
Белгилер:
оору, Камчыбек Ташиев, УКМК
Тема боюнча
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

363
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

363
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда