Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент беш фракция сунуштаган Кыргызстандын акыйкатчысына талапкерлердин арасынан шайлоону 25-июлга белгиледи.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Депутаттар 20-июлга чукул Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат деп билдирди Sputnik маалымат сайтына депутат Абдыманап Кутушев.

Мурдагы Омбудсмен Аманбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматын угуп, парламент ага канааттанбагандыктан улам, көпчүлүк фракциясынын 56 депутаты макул деген добуш берүү менен кызматтан кеткен

Омбудсмен Бактыбек Аманбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Аманбаевди отставкага кетиришти
Парламент Кыргызстандын Акыйкатчысына талапкерлерди шайлоону 25-июлга белгиледи. 30-июнда парламент кезектеги сесиялык жылды аяктап, расмий түрдө жапкан. 

Мыйзамга ылайык, эгерде акыйкатчы кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, жаңысын шайлоо бир айдан кийин болот.

Кутушевдин айтымында, учурда фракциялар үчтөн талапкерди аныктап, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин кароосуна жөнөтөт.

"Талапкерлерди аныктоого алардын бир ай убактысы бар. Жыйынтыгында биз ЖКнын кароосуна талапкерлердин тизмесин беребиз", — деди Кутушев.

Кутушев, эгерде Акыйкатчыны шайлоого белгиленген күн дем алыш же майрамга туура келип калса, ал кечирээк мөөнөткө жылдырыларын айтты.

Депутат КСДП фракциясы Акыйкатчыга талапкерлердин тизмесин түзө электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0