Megacom компаниясынын сим-картасы. Архив

Сариев Мегакомдун сатылышы тууралуу: бул кадимки экономика жана аң-сезимдүү чечим

62
(жаңыланган 14:31 06.07.2015)
Компанияны өнүктүрүү үчүн аны каржылап, жаңы технологияларды киргизип туруу керек. Эгер биз компанияны 200-300 миллион долларга сатсак, түшкөн каражатты социалдык көйгөйлөргө жумшай алабыз, деди өкмөт жетекчиси.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Megacom компаниясынын сатылышы кадимки эле экономика жана аң-сезимдүү чечим экенин билдирди.

MegaCom уюлдук компаниясын сатуу тууралуу маалымат июнь айынын башында өкмөт жыйынында айтылган. Муну аталган компаниянын өнүгүүсүн мамлекет камсыз кыла албай тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Сариев компаниядан акча алынганы менен аны өнүктүрүүгө каражат калбай калып жатканын белгиледи.

"Бул багытта абдан күчтүү атаандаштык өкүм сүрүүдө, технология менен илим күн сайын өнүгүп жатат. Компанияны өнүктүрүү үчүн аны каржылап, жаңы технологияларды киргизип туруу керек. Эгер биз компанияны 200-300 миллион долларга сатсак, түшкөн каражатты социалдык көйгөйлөргө жумшай алабыз", — деди өкмөт жетекчиси.

Анын айтымында, мындай сумманы мамлекет дивиденд катары 6-7 жылдын аралыгында ала алат. 

"Бул кадимки эле экономика. Сатуунун маңызы атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга багытталат. Биз акчага ээ болобуз, ал эми инвестор байланыш сапатын жакшыртып, анын жеткиликтүү болушун камсыздайт", — деди Сариев.

"Альфа Телеком" ЖАК 2009-жылы түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын лутташтырып, 51 пайызы Елисеевге караштуу Southfield Management Inc. и Vesatel Unitеd Limited компаниясынын менчигинде калган. Өткөн жылдын июль айында акциянын 51 пайызына салынган сот бөгөтү алынып, мамлекет акциянын 100 пайызына ээлик кылып калган.

Өткөн жылы компаниянын кирешеси 2 миллиард сомду түзгөн. Июнь айынын аягында Жогорку Кеңеш "Альфа Телеком" ишканасын менчиктештириле турган объектилердин катарына киргизген.

62
Белгилер:
MegaCom, Темир Сариев, Кыргызстан
Тема:
"Альфа Телеком" (MegaCom) жабык акционердик коомун менчиктештирүү (30)
Тема боюнча
Экономика министри MegaCom кандайча сатыларын түшүндүрүп берди