Атамбаев ШКУдагы эки тараптуу жолугушууларды өткөрбөй турган болду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Уфада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жалпы жолугушуусуна катышат, бирок мурдатан пландалган эки тараптуу жолугушууларды өткөрбөйт. Бул анын бир тууган агасынын каза тапканына байланыштуу болду.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ алкагында пландалган эки тараптуу жолугушууларга катышпай турган болду. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы билдирди. 

Өлкө башчынын агасы Калыйбек Шаршенов 64 жаш курагында дүйнө салды. Сөөк коюу зыйнаты бейшемби күнү, Чүйдүн Арашан айылында өттү. Бул кайгылуу окуядан улам, сөөктү койгондон кийин, Атамбаев ШКУнун Уфада өтө турган саммитине пландалгандан кечирээк барды. 

"Президент ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин отурумунан кийин дароо Бишкекке келет, ал мурдараак пландалган эки тараптуу жолугушуулардын бардыгын токтотту", — деп билдирди маалымат кызматтын өкүлү. 

Саммиттин алкагында Атамбаевдин Афганистан жана Ирандын президенттери менен жолугушуусу пландалган эле. 

Атамбаевдин бир тууганы Калыйбек Шаршенов жерге берилди
Учурда президенттик аппаратка Кыргызстандын мамлекет башчысынын дарегине агасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айткан телеграммалар түшүп жатат.

ШКУга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал Афганистан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочулук сатуска ээ. 

Былтыр сентябрда Пакистан менен Индиядан аталган уюмга кирүү боюнча арыз түшкөн. Буга чейин Россия мамлекет башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков Индия менен Пакистандын ШКУга кирүүсүнө убакыт керектигин, алардын мүчөлүгү Индияда өтө турган саммитте толук чечилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0