Атамбаев "Ала —Арчада" Индия премьери менен жолукту

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев встретился с Премьер-министром Индии Нарендрой Моди
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Премьер-министром Индии Нарендрой Моди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанда иш-сапары учурунда, Бишкекте Индиянын лидери жана идеологу Махатма Гандинин айкели ачылат жана Коргоо министрлигине медициналык жабдуулар тапшырылат.

БИШКЕК, 12-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев учурда “Ала —Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанга иш-сапар менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Модини менен жолугуп жатат. 

Нарендра Модини 11-июлда Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортунан премьер-министр Темир Сариев тосуп алды. 

Нарендра Модини бүгүн түштөн кийин премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Бул туурасында алардын маалымат кызматтарынан билдиришти.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанда иш-сапары учурунда, Бишкекте Индиянын лидери жана идеологу Махатма Гандинин айкели ачылат жана Коргоо министрлигине медициналык жабдуулар тапшырылат.

Иш сапары учурунда маданият, коргонуу, метрология жана стандартташтыруу, ошондой эле шайлоо өткөрүү жаатында кызматташуулар боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0