Бакетаев: Батыш Ирандын өзөктүк программасына карата көзөмөлүн жумшартышы мүмкүн

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIИрандын өзөктүк программасына катышкан мамлекеттеринин желеги. Архив
Ирандын өзөктүк программасына катышкан мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык ортомчулардын алтылыгы (Англия, Германия, Кытай, Франция, Россия, АКШ) Евробиримдиктин катышуусунда Иран менен өзөктүк программа боюнча макулдашуунун жыйынтыгынын үстүндө иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Батыш Ирандын өзөктүк саясаты боюнча кескин аракеттерге барбай турганын Sputnik агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Ирандын өзөктүк программасынын изоляциядан чыгышы КРдин кызыкчылыгына төп келет
Австриянын борбору Вена шаарында эки жумадан ашуун убакыттан бери алтылык менен Ирандын ортосунда өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эл аралык ортомчулардын алтылыгы (Англия, Германия, Кытай, Франция, Россия, АКШ) Евробиримдиктин катышуусунда Иран менен өзөктүк программа боюнча макулдашуунун жыйынтыгынын үстүндө иш алпарууда.

Бакетаевдин айтымында, негизинен аталган сүйлөшүүлөрдү Батыш менен Чыгыштын тирешүүсү деп кабыл алууга болот. Мында Россия, Кытай жана Иран Чыгыш тарап болуп саналууда.

"Батыш өлкөлөрү Иран өз тарабына тартып, өзөктүк программаны өз алдынча башкарууга жан үрөп жатат. Туура саясат жана көрөгөчтүк менен Иран өзүнө карата бир топ жеңилдиктерге жетишсе болот", — деди эксперт.

Саясат таануучу жеңилдиктер биринчи кезекте илимий изилдөөлөр, өзөктүк программага байланышкан маселелерге карата пайдаланылышы мүмкүн экенин белгилейт.

"Учурда Батыш менен МАГАТЭ тарабынан катаал көзөмөл жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен көзөмөл жумшарышы ыктымал. Муну эки жумадан бери болуп жаткан талкуу тастыктап турат", — деди Бакетаев.

Эксперт Кытай жана Россиянын колдоосу менен Иран бардык тарапты канааттандыра алган өз көз карашын жүзөгө ашыра ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0