Сарпашев: шайлоочулардын тизмесин учурунда бербегендер кызматтан кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев акимдерден элге биометрикалык маалыматын тапшырбаса, добуш бере албай калышаарын ачык жана жеткиликтүү кылып түшүндүрүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Жалал-Абаддагы иш-сапары учурунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына шайлоочулардын тизмесин бербеген жетекчилер кызматтан алынаарын айтты.

Биринчи вице-премьер-министрге отчет берген Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун акимдери, элдин басымдуу бөлүгү биометрикалык маалыматтарын тапшыргандыгын маалымдашты. Ал эми тапшырыла элек 10-15 пайыздар сыртка чыгып кеткен эмгек мигранттарына байланыштуу экендигин түшүндүрүштү. 

Акимдердин отчетун уккан Сарпашев, аларга 15-августка чейин шайлоочулардын тизмесин тапшыруу зарылдыгын айтты.

"Эгерде шайлоочулардын акыркы, такталган тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматына өз учурунда тапшырылбай калса, кызматкерлер ээлеген жетекчи орунуңардан токтоосуз алынасыңар", — деди Сарпашев.

Ал акимдерден элге биометрикалык маалыматын тапшырбаса, добуш бере албай калышаарын ачык жана жеткиликтүү кылып түшүндүрүүнү талап кылды. 

Сарпашев учурда жүрүп жаткан биометрикалык каттоо шайлоочулардын тизмесин аныктоонун, ошону менен эле ички жана тышкы миграция боюнча абалды тастыктап бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0