БШК: Шайлоо президент айткан күнү болот

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи кезекте кийинки чакырылыштагы депутаттарды шайлоо күнүн аныктоого жардам берген КР мыйзамы эске алынышы керек, дейт БШК мүчөсү.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Шайлоо өлкө башчы белгилеген күнү, б.а., 4-октябрда өтө турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров алдыдагы парламенттик шайлоого арналган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте КР мыйзамы эске алынышы керек. 

"Учурдагы парламент 10-октябрда шайланган. "Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, добуш берүү мурунку чакырылыш шайланган айга белгиленет. Бул жылы шайлоо 4-октябрга туура келип жатат", — деди ал.

"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү шайлоо депутаттардын ант берген мезгилине дайындалышы керектигин билдирди.

"Ант берүү аземи ноябрь айында өткөн. Бирок биз БШК чечими менен 4-октябрда боло турган шайлоого даярдык көрүп жатабыз", — деди атамекенчи.

Жарандык активист Алишер Мамасалиев шайлоо күнүн дайындоо партиялардын оюнуна айланганын айтып чыкты.

"Шайлоо күнүн туура белгилөөнүн мааниси чоң. Экономикалык кырдаал начарлап баратканынан улам бийлик шайлоону эртерээк өткөрүүгө кызыкдар" — деди ал.

Калган партиялардын өкүлдөрү шайлоонун октябрь айынын башына дайындалышына макул экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0