Көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Шаршенбаевич Кулов. Архив

Кулов Текебаев менен Турсунбековдун араздашуусунун себебин айтып берди

140
(жаңыланган 14:03 20.07.2015)
Көпчүлүк коалициясынын лидери бирикменин башка мүчөлөрү бири-биринин жүрүм-турумуна нааразы экенин билдирди. Анын ою боюнча, бул коалициянын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. КСДП менен "Ата Мекен" партия лидерлеринин ортосундагы араздашуу коалициянын бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтымында, Текебаев эч кандай ысымдарды атабастан, КСДП партия-клондорду түзүп жатат деп айыптаган. Буга Турсунбеков нааразы болуп, натыйжада ЖМКда депутаттардын тирешүүсү пайда болгон. Кулов түшүнбөстүктөрдүн себебин аныктап чыкканын маалымдады.

"Шайлоого катышууну каалагандардын баары уруксат алуу үчүн президент менен жолугууну максат кылат. Өлкө башчысы эч кимге шайлоого катышууга тыюу сала албайт, ал эми аймактарга чыккан партия өкүлдөрү Атамбаевдин колдоосуна таянып жатышкандыктарын айтууда. Бул Текебаевдин көз жаздымында калган эмес", — деди Кулов.

"Ар-Намыс" партиясынын лидери "Ата Мекендин" "Улуттар биримдиги" менен биригүүсүнө таң калганын жашырган жок.

"Текебаев муну "Улуттар биримдигинин" өз электораты бар экендиги менен түшүндүрдү. Ал эми аталган партиянын издөөгө алынган лидери тууралуу суроо жоопсуз калды", — дейт Кулов.

Ал азыр мамилелерди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

140
Белгилер:
парламенттик шайлоо, саясый партия, "Ата Мекен" фракциясы, "Ар-Намыс" фракциясы, КСДП фракциясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кулов: бардыгы даяр болгондон кийин коалиция шайлоо жоопкерчилигин алышы мүмкүн
Талибан кыймылынын мушкерлери. Архивдик сүрөт

АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?

163
Афганистандан АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыккан соң Кабулда кала турган түрк аскердик бөлүктөрү "өздөрүн окко тосот", анткени америкалыктар менен талибдердин тынчтык келишими бузулары айдан ачык.

Александр Хроленко, аскерий баяндамачы

Мындай көрүнүш Ислам республикасында согуштук аракеттердин кайрадан ырбашына оңтойлуу шарт түзөт.

Анын эпкини Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттерге да тийиши ыктымал. Ал түгүл Түндүк атлантикалык альянстын күчтөрүнүн "экинчи кырсыгына" себеп болушу мүмкүн экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Жума аягында Ак үй АКШ жана Түркия президенттери Жозеф Байден жана Режеп Тайип Эрдоган АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылган соң Кабулдун аэропортун кайтаруу боюнча макулдашканын жарыялады. Аталган негизги аба жайынын коопсуздугун Түркия камсыз кылмакчы. Эске салсак, анын аскердик күчтөрү сентябрдан кийин да Афганистанда калат. Ошондой эле альянс афгандык атайын багыттагы кызматкерлерди Катардын аймагында Түркия, АКШ жана Улуу Британиянын күчтөрү менен даярдоону кароодо.

РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ушул бейшембиде Афганистанда түркиялык аскердик контингенттин калышы Доха келишимине каршы келерин, афган аралык улуттук жарашууга өбөлгө болбой турганын билдирди. Кеп мында 2000-4000 түркиялык жоокер туурасында. Андан мурда Афганистан өкмөтү менен түркиялык тарап сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Президент Эрдоган АКШ менен НАТОнун күчтөрү чыккандан кийин Афганистандагы туруктуулукту камсыздоого кол кабыш кыла турган "жалгыз ынанымдуу өлкө" болуп саналарын жар салган.

АКШ жана союздаштары тарабынан тийиштүү каржылоо жана материалдык жактан камсыздоо каралса, Афган ислам республикасынын борборундагы аэропортту кайтаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Түркия коргоо министри Хулуси Акар маалымдаган эле. Кабулдун аэропорту эбегейсиз, ири калаанын "ичинде" жайгашкан, анын коопсуздугун камсыздоо – болуп көрбөгөндөй татаал милдет. Талибдер чет өлкөлүк күчтөрдүн толук чыгышын талап кылып, Түркия да НАТОнун мүчөсү, башкача айтканда, ал да оккупант катары караларын эскертүүдө.

Державалар Афганистанда өз куралдуу күчтөрүнүн болушуна бир үмүт учкунун калтырууга тийиш экени белгиленет. Эксперттердин пикиринде, Ислам республикасындагы түркиялык аскердик бөлүктөрдүн болушу борбордук аба майданын жана АКШ элчилигинин коопсуздугу үчүн да эмес, Эрдогандын Осман империясын кайра жандандыруу тилеги үчүн кызмат өтөмөкчү. Ал ортодо Афганистандагы ансыз да опурталдуу абал дагы курчуй түшкөндөй. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейтараптуулукту сактоо жөндөмү да басаңдап барат.

Аймактык кызматташтык

18-июнда Афганистан менен Казакстан аскердик кызматташтык жөнүндө келишим түзүшкөн. Документке Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев жана Афганистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб кол койгон. Макулдашууда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү, аскердик кадрларды даярдоо, эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын өз ара аракеттешүүсү жана медицина жаатында кызматташуу каралган. Аскердик кызматташуу жөнүндө жаңы афган-казак келишиминен улам АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзаддын Нур-Султанга болгон жакындагы сапарынын күн тартиби түшүнүктүү боло түштү. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Афганистандагы коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоого байланыштуу казак-америкалык кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшү жөнүндө сүйлөшкөн.

Андан оболу Гератта Афганистан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Ханиф Атмар жана Рашида Мередовдун жолугушуусу өткөн. Тараптар бир катар биргелешкен экономикалык долбоорлорду (ТАПИ (Түркмөнстан, Афганистан, Пакистан, Индия магистралдык газ түтүгү), Афган ислам республикасына электр кубатын берүү, темир жол куруу, Гераттан Түркмөнстанга мрамор экспорттоо) талкуулашкан. Бул эки мамлекеттин коопсуздук тармагында да бекемдеп бараткан кызматташуусун да камтышы мүмкүн. Афган ТИМ башчысы түркмөн аймагында Кабул менен "Талибандын"* сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экендиги үчүн Ашхабадга ыраазычылык билдирген.

Өзбекстан түштүк коңшусунун тынч жашоосун жөнгө салууда негизги ролдордун бирин аткарууга ниеткер. Өткөн аптада эле бул республика Афганистанга пандемия менен күрөшүү үчүн миң даана кычкылтек баллонун берген. Ташкенттегилер Афганистандын коопсуздугу Өзбекстандын коопсуздугу деп эсептешет. Ошол себептен Кабул жана "Талибандын"* жетекчилиги менен байланыш жолго коюлган. Аталган уюмдун таасирин өзбек тарап окуялар кандай нук алган күндө да эске алмакчы.

Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетектеген Өзбекстан делегациясы ушул күндөрү (18-19-июнда) Түркияда дипломатиялык форумга катышууда. Анда афган көйгөйү талкууланышы ыктымал.

Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин жана Жо Байден Афганистандагы кырдаалды 15-июнда Женевадагы саммитте талкуулашкан. Америкалык лидер террорчулуктун жанданышына жол бербөө үчүн "Афганистанда жардамдашууга" РФтин даярдыгын белгилеген. Андан мурун Россия коргоо министри Сергей Шойгу "болжолдуу коркунучтарды чогуу жоюуну пландоо" үчүн Тажикстан жана Өзбекстанга барган эле.

Террордук коркунучтар

Афган аралык тынчтык келишимдери ушул тапта туңгуюкта. 1-майдан тарта АКШ жана НАТОнун күчтөрүнүн чыгарылышы Афганистандагы террорчулардын эрегишүүсүн жана кармаштардын активдүүлүгүн тездеткен. Күч мекемелери ай сайын жүздөгөн жоокеринен айрылууда, атап айтканда, апрелде 388, ал эми май айында 1 134 аскер жана полиция кызматкерлери шейит болгон.

Талибдер курал, техника, анын ичинде оор артиллериясы менен бир нече аскердик базаларды басып алышты. Афган ислам республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түркмөнстан менен чектешкен Фарьяб провинциясындагы 17-июнда талибдер менен кагылышта атайын багыттагы бөлүктүн жоокери набыт болуп, дагы 15 күч кызматкери дайынсыз жоголгон. "Талибан"* аскер жана жай жарандарды өлтүрүп, жеңишке жана мамлекеттик бийликти ээлөөгө согуш күчү менен ашыгууда.

Мурдараак Нангархар провинциясында полиомиелитке каршы эмдеп жаткан беш адис өлтүрүлгөн. Афган ислам республикасында эмдөө кампаниясы талибдер ок жаадырып жатканда – марттын аягында башталган. 34 провинциядагы 9,6 млн бала эмделүүгө тийиш болчу.

9-июнда Тажикстанга жакын райондордун бири – өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Баглан провинциясында талибдер минаны зыянсыздандыруу менен алектенген HALO Trust британ-америкалык коммерциялык эмес уюмунун 10 жарандык кызматкерин өлтүргөн. Ошол кол салууга жоопкерчиликти ИМ* согушкерлери алды.

Түркия менен Афганистандын алакаларынын эзелки жана жылуу тарыхы бар деп эсептелгендиктен, Ислам республикасында түркиялык күчтөр кандайдыр метафизикалык түрдө мамлекеттик коопсуздукту жана аймактык туруктуулукту камсыздап, коңшу Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамилелеринин өркүндөшүнө өбөлгө болмокчу.

Ошентсе да Афганистандагы түркиялык вазийпа жана коопсуздук деңгээли азырынча көбүнесе талибдердин касташкан эркине жана чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышынын ыкчамдыгына жараша экени түшүнүктүү.

* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топтор.

163
Белгилер:
Талибан, Түркия, Кабул, АКШ
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Арменияда өтүп жаткан парламенттик шайлоо

Арменияда өтүп жаткан парламенттик шайлоого партиялар рекорддук санда катышууда

87
(жаңыланган 14:35 20.06.2021)
Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп, 2 578 миллион жаран болочоктогу депутаттар үчүн добуш берүүдө. Бул тууралуу Sputnik Армения маалымат берип жатат.

Партиялар үчүн мыйзам боюнча 5 пайыз, ал эми альянстар үчүн 7 пайыз өтүүчү босого бар жана ал толугу менен пропорционалдык система менен болмокчу.

Белгилей кетчү нерсе, шайлоого рекорддук санда, тагыраагы, 25 партия катышып жатат. Алардын арасында мурдагы президенттер башкарган саясий бирикмелер кирген (Левон Тер Петросян, Роберт Кочарян, Серж Саргсян). Мындан сырткары, азыркы премьер-министр Никол Пашинян баштаган партия да бар.

Ар бир добуш берүүчүнүн колуна 25 бюллетень берилерин Sputnik Армения жазды. Алардын арасынан бирди тандап өзгөчө номери бар конвертке салыш керек, ал эми калганы картондон жасалган үкөккө таштайт. Шайлоочу бюллетень бурчуна, андан ары урнага барат да, ал жерден конвертке атайын марка коюлуп, үкөккө салынат. Пандемия шартынан улам добуш берүүчүлөргө медициналык бет кап кийүү милдеттендирилген.

Экинчи тур болуу мүмкүнчүлүгү

Эгерде саясий күчтөр өз алдынча стабилдүү деп аталган парламенттик добуштардын көпчүлүгүн ала албаса (54 пайыз), анда экинчи турдун болушунун толук ыктымалдыгы бар. Бул көрсөткүчкө (сандарга) жетиш үчүн алар коалиция түптөшү керек.

Эгерде мындай болбой калса, экинчи тур ишенимдүү түрдө дайындалат (28 күндөн кийин). Ага добуштардын арбынын алган эки саясий күч катышат. Алар өздөрү түзгөн жаңы блок менен катышат.

Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кеткен. Бирок ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткара берери айтылган.

Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

87
Белгилер:
саясый партия, шайлоочу, блок, парламенттик шайлоо, Армения
Тема боюнча
Арменияда парламент таратылып, кезексиз шайлоонун мөөнөтү аныкталды
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы