Токмоктун мэрин шайлоо 29-июлда кайра өтөт

© Марат АбдраевТокмок шаары. Архив
Токмок шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык депутаттардын үчтөн эки бөлүгү чогулбай калгандыктан, буга чейинки шайлоодо Токмоктун шаар башчысы шайланбай калган.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Токмоктун мэрин кайрадан шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы 29-июлга белгиледи. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган шаардын депутаттардын үчтөн эки бөлүгү чогулбай калгандыктан, шаар башчысын шайлоо болбой калган.

БШКнын маалымат кызматы Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2015-жылдын 29-июлунда саат 09-00дөн 12-00гө чейин өтөрүн маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0