Сарпашев: биометрикалык маалымат тапшыруудан баш тарткандарга акт түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер биометрикалык маалымат чогултуу жараяны бүгүнкү күндө 90 пайызга аяктап калганын белгилеп, шайлоодон кийин биометрия мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө пайдаланыла турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Биометрикалык маалымат берүүдөн баш тарткан жарандарга жеринде акт түзүп, шайлоого катыша албай тургандыгы айтылышы керек деди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусуна болгон иш сапары учурунда. 

Сарпашев: биометрикалык маалымат чогулта албаган акимдер кызматынан кетет
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Сарпашев бүгүн, 23-июлда Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Талас жана Бакай-Ата райондорунун активи менен жолугуп, биометрикалык маалымат чогултуунун экинчи этабын талкуулады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кара-Буура районунун 26 миң 300 адамы же жалпы туруктуу жашоочулардын 96 пайызы биометрикалык каттоодон өткөн. Манас районунун 14 миң 500 жашоочунун 12 миң 890у, бакайаталыктардын 80 пайызы маалымат тапшырган.

Биринчи вице-премьер талкуу учурунда Талас шаарынын мэри, Бакай-Ата жана Талас райондорунун акимдеринин ишин катуу сынга алды. 

"Кенебестиктен улам шайлоочулардын так тизмесин түзүүнү создуктуруп жатасыздар. Мамлекеттик каттоо кызматы жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташуу дээрлик жокко эсе. Эгер кырдаал 1-августка чейин жөнгө салынбаса, жетекчилерге кескин чаралар көрүлөт", — деди чиновник.

Сарпашев аймакта туруктуу жашаган тургундардын баарынан биометрикалык маалымат чогултулушу керектигин белгиледи.

"Эгер кимдир-бирөө биометрикалык каттоодон өтүүдөн баш тартса, жеринде акт түзүлүп, анын шайлоого катыша албастыгы тууралуу айтылышы керек. Алдыдагы парламенттик шайлоо мамлекеттин 2020-жылга чейинки тагдырын аныктайт. Биздин максат – шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү", — деди ал.

Биринчи вице-премьер биометрикалык маалымат чогултуу жараяны бүгүнкү күндө 90 пайызга аяктап калганын белгилеп, шайлоодон кийин биометрия мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө пайдаланыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0