ИИМ башчысына ЖКК реформалоо боюнча 10 күндүн ичинде сунуш берүү тапшырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники ДПС на службе. Архивное фото
Сотрудники ДПС на службе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев жол-транспорт кырсыгы боюнча абал таасирдүү аракеттин жана координациялык саясаттын жоктугунан кабар берээрин белгиледи.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге Жол кайгуул кызматын (ЖКК) реформалоо боюнча 10 күндүн ичинде сунуш берүүнү тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө Ички иштер министрлигинин көчмө коллегия жыйыны болуп өттү. 

Сариевдин айтымында, өлкөдө жол коопсуздугу боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Премьер-министр жол-транспорт кырсыгы боюнча абал таасирдүү аракеттин жана координациялык саясаттын жоктугунан кабар берээрин белгиледи.

"ЖКК кызматкерлеринин орой мамилеси тууралуу жана алардын коррупциялык айыбын ачкан даттануулар көбөйүүдө. Буга жакында эле айдоочудан опузалап пара талап кылган окуя мисал. ЖКК жетекчилигинин жетишсиз аракетинен улам абалга президент да кийлигишүүгө мажбур болду", — деди өкмөт башчы.

Мындан улам премьер-министр ИИМ министрине жолдогу тартипти калыбына келтирип, тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды. Бул багытта атайы долбоор даярдоо үчүн 10 күндүк убакыт берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0