Шайлоону уюштурууга жардам берүүчү республикалык штаб түзүлдү

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдануу. Архив
Шайлоого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган буйрук шайлоо компаниясын өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү жана камсыздоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Парламенттик шайлоону уюштурууга көмөктөшүү боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Шайлоо Кыргызстанда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоого даярдануу үчүн 220 млн. сомго чукул акча кетет
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. Ал шайлоо компаниясын өткөрүүдө уюштуруу, материалдык-техникалык маселелерди чечүү жана камсыздоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү максатын көздөйт.

Ага ылайык, өкмөт жана ага караштуу мекемелер парламенттик шайлоону уюштурууга, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын добуш берүүсүнө, шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө, жер-жерлердеги шайлоо комиссияларына тийиштүү жардам берүүгө милдеттендирилет. Андан сырткары, байкоочулардын билдирүүлөрүнө өз убагында жооп берип же чара көрүүгө, шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө, жабдыктарды коргоого алуу иштери да жасалышы керек.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, ЖК депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленди. Күздө боло турчу шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтары аркылуу гана добуш бере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0