Сариев он сегиз аткаминерге сөгүш жарыялап, эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сарие. Архив
Премьер-министр Темир Сарие. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскертүү менен сөгүштөр үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда өткөн өкмөт жыйынынын №12 протоколунун негизинде жарыяланды.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев ыйгарым укуктуу өкүл Эмил Каптагаевге эскертүү берди деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Санкт-Петербург лицейи Бишкек мектеби менен кызматташат
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эскертүү туристтик мезгилге даярдануудагы олуттуу мүчүлүштүктөр үчүн берилди. Ошондой эле кемчиликтер үчүн Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиевге сөгүш жарыяланды деп айтылат билдирүүдө. 

Айрым кемчиликтер жана тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүлбөгөнү үчүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеевага эскертүү берилип, Нарын облусу боюнча ыйгарым өкүлдүн орун басары Чынара Абдраиманкуловага сөгүш жарыяланды. 

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчёт өз убагында берилбегени үчүн эскертүү берилди. Ушундай эле мүчүлүштүктөр үчүн Баткен, Талас облустарындагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрү, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директору Самир Осмоналиев эскертүү алды.

Аткаруучулук тартиптин төмөндүгү, жогорку органдардын чечимдерин аткарбагандык жана мамадминистрациянын ишин жетишсиз уюштургандык үчүн Түп районунун акими Ишен Кожалиевге эскертүү берилди.

Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов, Тогуз-Торо, Кемин жана Москва райондорунун акимдери, Майлуу-Суу жана Кара-Көл шаарларынын мэрлери өнөр жай өндүрүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камсыз кылбагандык үчүн эскертүү алышты.

Сариев: динге жамынып жат көрүнүштөрдү жасагандар катуу жазаланат
Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максатсыз пайдаланып, өнөр жай өндүрүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камсыз кылбагандык үчүн Манас районунун акими Нурак Качкынбаевге эскертүү берди. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзөмөлдүн жоктугу жана администрация аппаратттарында жеткиликтүү аткаруучулук тартиптин төмөндүгү үчүн Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунун акимдери эскертүү алды. 

Эскертүү менен сөгүштөр үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда өткөн өкмөт жыйынынын №12 протоколунун негизинде жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0