БШК 34 партиянын шайлоого катышуу тууралуу арызын кабыл алды

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоого даярдануу. Архив
Шайлоого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган саясий партиялардан арыз кабыл алуу иш-чарасы аягына чыкты.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында парламенттик шайлоого бара турган партиялардын арызы кабыл алынып бүттү. Бардыгы болуп 34 саясий уюм шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Ишемби күнү президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындаган буйрукка кол коюп, өкмөткө шайлоону сапаттуу өткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырма берген.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоого төмөнкү партиялар аттанганы турат:

— "Ата Мекен"

— "Өнүгүү-Прогресс"

— "Бир Бол"

— "Ар-Намыс"

— "Бүтүн Кыргызстан Эмгек"

— "Мекен Ынтымагы"

— КСДП

— "Республика Ата-Журт"

— "Партиясыздардын Аалам партиясы"

— "Эркиндик жана демократия" 

— "Замандаш"

— "Келечек-Будущее"

— "Аруу Эл"

— "Улуу Кыргызстан"

— "Союз"

— "Эгемен Кыргызстан"

— Жашылдар партиясы

— "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясы

— "Эл үнү" партиясы

— "Кыргызстан" партиясы

— "Улут Ордо" партиясы

— "Бирге-Вместе" партиясы

— "Кыргыз Ата" партиясы

— "Өнөр жай жана айыл чарба кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоо" партиясы 

— "Чындык" партиясы

— "Тиртип-Порядок" партиясы

— "КУТ" партиясы

— "Ак Калпак" партиясы

— "Кыргызстандын жумушчу партиясы" партиясы

— "Азаттык" акыйкат жана өнүгүү партиясы

— Мигранттар жана агрардык реформа партиясы 

— "Кайран эл" партиясы

— "Билим илим ордосу" партиясы

— "Демократия жана реформа үчүн" партиясы

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган 17 партиянын ыйгарымдуу өкүлүн каттаган.


Жаңылыктар түрмөгү
0