Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам эмгек өргүүсүн токтотту

Жазылуу
Өкмөт башчысы 4-августтан 7-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыккан болчу.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Премьер-министр кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка, ошондой эле Казакстан Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу тууралуу келишимди ратификациялашына байланыштуу эмгек өргүүсүн токтотуп,кайра ишке чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга тапшырма берди
Өкмөт башчысы 4-августтан 7-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыккан болчу.

3-августта Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 120 чакты тажикстандык жана 80дей кыргыздар уруша кетип, таш менен чабышышкан.

Эки респубилканын чек ара аймактарындагы тургундардын ортосундагы чыр-чатак Тажикстандын жарандары көк-таштыктардын мүрзөгө барчу жолун тороп алгандан башталган. Көрүстөнгө кетчү жол тажик үй-бүлөлөрү жашай турган Көк-Таш айылынын жанынан өтөт. Каршылык иретинде кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына кетчү каналды бууп салышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0