Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев.

Бердымухамедов Атамбаевди Ашхабадда өтүүчү конференцияга чакырды

(жаңыланган 15:30 05.08.2015)
Түркмөнстандын нейтралитет статусуна быйыл 20 жыл толууда. Буга карата 12-декабрда БУУнун жетекчилиги менен Ашхабадда мааракелик конференция өткөргөнү жатабыз. Иш-чарага сизди чакырабыз деди түркмөн президенти.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди жыл аягында Ашхабадда өтө турган Түркмөнстандын нейтралитет статусунун 20 жылдыгына арналган конференцияга чакырды.

Бердымухамедовдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнунда БУУ мамлекеттин нейтралитет статусун бекитип берген.

"Негизинен өлкөбүздүн нейтралитет статусуна быйыл 20 жыл толууда. Буга карата 12-декабрда БУУ эгидасы менен Ашхабадда мааракелик конференция өткөргөнү жатабыз. Иш-чарага сизди чакырабыз", — деди түркмөн президенти.

Өз кезегинде Атамбаев ыраазычылык билдирип, чакырууну кабыл алганын белгиледи.

Бул Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон биринчи мамлекеттик иш сапары. Кыргызстан менен Түркмөнстандын дипломатиялык мамилелери Бишкекте Түркмөнстандын туруктуу өкүлчүлүгү ачылгандан кийин жолго коюлган.

Белгилер:
нейтралитет, конференция, президент, Гурбангулы Бердымухамедов, Алмазбек Атамбаев, Түркмөнстан, Кыргызстан
Тема:
Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары (15)
Тема боюнча
Кыргызстан Түркмөнстандан жарым миллион тонна нефть сатып алат
Атамбаев менен Бердымухамедов Кытайга өткөрүлө турган газ түтүгүнүн курулушун талкуулашты
БУУнун желеги. Архив

БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган демилгени бир добуштан колдоду

(жаңыланган 17:51 20.04.2021)
Расмий Бишкек демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Резолюциянын негизги максаты — 2030-жылдын күн тартибин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен биргелешкен иштерди жүргүзүү. Муну менен келечек муунду таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.

"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Белгилер:
чек ара, жаратылыш, резолюция, демилге, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
Россиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив

Дональд Трамп: Путин мага, мен ага жакчумун

(жаңыланган 12:56 20.04.2021)
АКШнын экс-президенти убагында Россиянын лидери менен жакшы мамиледе болгонун айтып, бул жаман эмес көрүнүш экенин белгилеген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.

Трамп Путинге жагарын белгилеген.

"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.

Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.

Белгилер:
Дональд Трамп, президент, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байден Путиндин фамилиясын туура эмес айтып алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 18:55 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.