Бердымухамедов өкүлүн Ысык-Көлгө жөнөтөт

Жазылуу
Түркмөн президенти атайы өкүл Ысык-Көлдүн өнүгүү келечегин, жердин өзгөчөлүгүн көрүшү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкө башчыларынын кеңейтилген жыйынында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көлгө дарылоочу жай жана башка курулуштарды куруу мүмкүнчүлүгү менен жеринде таанышуу үчүн облуска өз өкүлүн жибере турганын айтты.

Атамбаев түркмөн президентин туризмди жана инвестицияны өнүктүрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. 

"Кыргызстанда туризм жана мейманкана бизнесин өнүктүрүүгө даяр экениңизрге кубанычтамын. Ысык-Көл облусу менен кызматташууга кол коюлушу буга далил боло алат", — деди Атамбаев.

Түркмөн президенти атайы өкүл Ысык-Көлдүн өнүгүү келечегин, жердин өзгөчөлүгүн көрүшү керектигин белгиледи.

"Курула турган дарылануучу жайда биздин мекендештерибиз менен бирге башка меймандар да эс ала алышат. Бул үчүн Ысык-Көлгө эмне курууга болорун билүү үчүн сиз биздин туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүз менен таанышып кетүүңүз керек", — деди Түркмөнстандын президенти.

Бердымухамедов бүгүн алгачкы жолу Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. Кыргызстан менен Түркмөнстандын дипломатиялык мамилелери Бишкекте Түркмөнстандын туруктуу өкүлчүлүгү ачылгандан кийин жолго коюлган.

Президенттин мамлекеттик сапары 6-августка чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0