"Бир Бол" жана "Кут" партиялары шайлоого бирге барууну чечти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасы. Архив
Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки партиянын биргелешип тараткан билдирүүсүндө, күздө боло турган парламенттик шайлоодо "Кут" партиясы "Бир болдун" тизмеси менен бара тургандыгы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. "Бир Бол" жана "Кут" саясий партиялары бирикти деп "Бир бол" партиясынын маалымат кызматы билдирди.

Үн чакыруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакпаев: 10 чакты партия шайлоого пиар үчүн баратат
"Кут" партиясынын мүчөлөрү алдыдагы парламенттик шайлоого "Бир Болдун" тизмеси менен катышат. Биригүүгө партиялардын принциптеринин жана аткарган иштеринин бирдейлиги шарт түздү", — деп айтылат маалыматта.

"Бир Бол" партиясын 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов түзгөн. 

Ал эми "Кут" партиясынын түптөөчүсү — Болот Жанузаков. Ал туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда, 1998-жылдан тарта президенттик администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0