Шайлоого карата республика боюнча 10 миң оператор атайы окуудан өтөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасында. Архив
Шайлоо участкасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутууну ПРООН каржылап, ага 300 миң доллар бөлүндү. Учурда республика боюнча шайлоого керектүү жаңы программадагы жабдуулар текшерүүдөн өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Шайлоо учурунда жаңы программадагы жабдуулар менен иштей турган 10 миң оператор окутула турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-августтан баштап Кыргызстандын бардык аймагында операторлорду окутуу үчүн методикалык класстар ачылат. Окутууну ПРООН каржылап, ага 300 миң доллар бөлүндү.

"Жабдыктар менен иштөөдөгү бардык кемчиликтер шайлоо күнүнө чейин аныкталып жоюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда республика боюнча шайлоого керектүү жаңы программадагы жабдуулар текшерүүдөн өтүп жатат. Бардык процесстерге биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев көзөмөл кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0