Шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо деңгээли бекитилди

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүБюллетень кагаздарын салыштыруу. Архив
Бюллетень кагаздарын салыштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин добуш берүүдө тегерек кызыл мөөрлөрдү колдонуу пландалган. Бирок санай турган жабдуулдардын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен добуш мурдагыдай эле ыкмада жүрөт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринин толтуруу форматын жана анын коргоо деңгээлин бекитти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Улуттук валюта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш миллион сомдук шайлоо күрөөсүн үч гана партия койду
Буга чейин добуш берүүдө тегерек кызыл мөөрлөрдү колдонуу пландалган. Бирок санай турган жабдуулдардын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен добуш мурдагыдай эле ыкмада жүрөт. 

Жыйында шайлоо даректери боюнча добуш берүүнү камсыздоо үчүн Бишкек шаарында кошумча 39 жана Ош шаарында 7 шайлоо комиссияларын түзүү чечими кабыл да алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0