Шайлоо участогунда шайлоочулардын атын текшерүү. Архив

Бир да партия талапкерлердин тизмесин бере элек

50
(жаңыланган 16:00 11.08.2015)
Эки жуманын ичинде шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар талапкерлердин тизмесин бериши керек. Бирок шайлоого катыша турган партиялардын саны азайып жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Күзүндө болуучу парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин тактап бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Аваз Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, партиялар белгиленген мөөнөткө дейре эң аз дегенде талапкерлердин 120, эң көп дегенде 200 фамилиясын бериши керек.

"Бир да партиядан тизме келип түшө элек", — деди Канатбек Аваз.

Парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындоо боюнча президент Жарлыкка кол койгон. Күздө болчу шайлоого отуздан ашык партия катышуу ниетин билдирген.

Төрт партия ("Ак-Калпак", "Кут", "Кайран Эл" жана "Келечек-Будущее") мыйзамда көрсөтүлгөндөй 7-августка чейин банктан атайын эсеп ачууга үлгүргөн эмес. Андыктан бул партияларды шайлоого катышуу укугунан ажыратуу маселеси БШКда бүгүн каралат.

50
Белгилер:
Футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Парламенттик шайлоону Атамбаев 4-октябрга дайындады
Партиялар мамлекеттик банктарда атайын эсеп ачышы керек
Пикирлер