Кадырбаев: шайлоону үзгүлтүккө учуратпаш үчүн биометрикалык каттоону күчөтүү абзел

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаар мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаары боюнча 155 миң жаран биометрикалык маалымат тапшырган, анын 125 миңи (92 пайызы) шаар тургундары, калганы башка райондордун каттоосунда турган жарандар.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев шайлоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн шаардагы бардык жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттооо алууү зарылдыгын айтты. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэриясында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу иштери талкууланды. 

"Быйылкы шайлоо биринчи жолу биометрикалык маалыматтардын негизинде өтүп жаткандыктан, биз азыртадан бардык иш-аракетти күчөтүүбүз абзел. Бул кезге чейин добуш берүүнү тестирлөөгө катышкан  8 236 шайлоочунун ичинен  803 же 9,7 пайыз жарандын тапшырган биометрикалык маалыматтары  базадан чыкпай калган. Ошондуктан шайлоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, Ош шаарындагы бардык жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүү абзел", — деди Кадырабев.

Сарпашев: биометрикалык тестирлөө кемчиликтирибизди тапканга жардам берип жатат
Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Алмаз Осмонов шайлоону өткөрүү үчүн атайын штаб түзүлүп, бардык иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтты. 

Кадырбаев, калаа тургундарынын биометрикалык маалыматтарын тактап алуу үчүн шайлоону тестирлөө тартибин өткөрүү керектигин билдирди. Ош шаары боюнча 155 миң жаран биометрикалык маалымат тапшырган, анын 125 миңи (92 пайызы) шаар тургундары, калганы башка райондордун каттоосунда турган жарандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0