ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа Бишкекке келди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЖамааттык Коопсуздук келишими Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив
Жамааттык Коопсуздук келишими Уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев менен жолукту.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа келди деп билдирди Башкы штабдын маалымат кызматынан.

Ведомствонун мааалыматында Николай Бордюжа менен КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев жолугуп, уюмдун алкагындагы мындан аркы эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

"Биз аймактагы тынчтыкты менен коопсуздукту сактоо үчүн бирге иштөөгө даярбыз", — деди Алымкожоев. 

Башкы штабдын жетекчиси жамааттык ыкчам күчтөрдүн аскердик тапшырмаларды аткарууга даярдыгын текшерүүнүн жыйынтыгын айтып берди. 

Жолугушуунун акырында Алымкожоев кесиптешине ЖККУнун жоопкерчилиги алдында турган аймактардын туруктуулугу менен коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конструктивдүү иштердин майнаптуу болгондугуна ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0