"Республика – Ата —Журт" партиясынын тизмесин Бабанов жетектеди, Ташиев 41-орунда

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүӨмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр. Архив
Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партия тизмесине "Республика" жана "Ата-Журт" фракцияларынын учурдагы депутаттары, ИИМ мурунку жетекчиси, университет ректору жана Бишкек жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирди.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Республика – Ата-Журт" саясий партиясы дем алыш күндөрү съезд өткөрүп, талапкерлердин алдын ала тизмесин жарыялады.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленди. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канатбек Азиздин айтымында, партиялар 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек.

Талапкерлердин алдыңкы ондугу:

 

  • Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр;
  • Алтынбек Кылычбаев;
  • Алексей Нефадьев, Кыргыз-россиялык славян университетинин ректору;
  • Алтынай Өмүрбекова, Бишкектин вице-мэринин милдетин аткаруучу;
  • Талант Мамытов, "Ата-Журт" фракциясынан мурунку депутат;
  • Акыл Жаманкулов;
  • Максат Сабиров, ЖК "Республика" фракциясынын лидери;
  • Гүлнара Асылбекова;
  • Таабалды Тиллаев;
  • Руслан Казакбаев, Тышкы иштер министрлигинин мурунку жетекчиси.

 

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бир Болдун" биринчи ондугуна тележурналист жана мурдагы башкы прокурор кирди
Сыртынан соттолгон экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы, "Ата-Журт" фракциясынан депутат Динара Исаева 12-орунда турат. Мындан тышкары, тизмеде Жыргалбек Саматов, Кенжебек Бокоев, Улан Чолпонбаев, Курманбек Дыйканбаев жана партия курамына жаңыдан кирген Данияр Тербишалиев бар.

"Республика" фракциясынын Бишкек шаардык кеңешиндеги лидери Мирлан Жээнчороев 33-орунда. Партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 41-орунду ээледи. ИИМ мурунку жетекчиси Зарылбек Рысалиев тизмеде 65-орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0