"Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шайлоого ЖКын, айылдык кеңештин депутаттары жана ишкерлер барат

Жазылуу
Партия тизмесинин алдыңкы орундарында ЖКнын учурдагы жана мурунку депутаттары, ошондой эле Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев турат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы IV съездинде 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин бекитти.

Ага ылайык, тизменин алдыңкы ондугун төмөнкү ишкерлер, депутаттар ээледи:

 

  1. Бакыт Төрөбаев, "Республика" партиясынан ЖК депутаты, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри;
  2. Алтынбек Жунус уулу, ишкер;
  3. Исхак Масалиев, Кыргызстандын коммунисттер партиясынын мурдагы лидери, экс-депутат;
  4. Назира Абирова, Россия-кыргызстандык "Аманбанк" ААКнын директорлор кеңешинин төрайымы;
  5. Тынчтыкбек Шайназаров, "Республика" партиясынан ЖК депутаты, Жалал-Абад шаарынын экс-прокурору;
  6. Абдыкапар Султанов, "Тегене" көмүр өндүрүүчү ишканансынын директору;
  7. Эсенбек Назаралиев, экс-депутат, ишкер;
  8. Күмүшай Асылбаева;
  9. Мирлан Бакиров, "Республика" партиясынан ЖК депутаты;
  10. Абылкайыр Узакбаев, Ысык-Көл облусундагы Тамга айыл кеңешинин депутаты.

 

Талапка ылайык, 25-августка чейин саясий партиялар БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0