Сариев Материалдык резервдер фондунун башчысын иштен алды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПортфель кармаган киши. Архив
Портфель кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылдаев "Ата Мекен" партиясынан тизмеде 27-орун менен парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатат.

БИШКЕК, 20-авг — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаевди иштен алды деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан. 

Премьер-министр Темир Сариев аткаминерди кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду. Буга чейин өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышам деген чиновниктерди шайлоо башталгыча мамлекеттик кызматтан кетишин айткан. 

Абдылдаев парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынан тизмеде 27-орун менен катышууну көздөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0