Шаикова: шайлоочулардын тизмесин түзүү 20-сентябрда токтойт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасы. Архив
Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрына чейин биометрикалык маалыматын тапшырбаган адам алдыда боло турган шайлоого катыша албайт, анткени ал шайлоочулардын тизмесине кирбейт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы эки миллион 417 миң шайлоочуну каттады. Шайлоочулардын тизмесин түзүү 20-сентябрда аяктайт, деп билдирди өкмөт жыйынында МКК төрайымы Алина Шаикова.

Анын айтымында, бардыгы болуп эки миллион 680 миң шайлоочу биометрикалык маалыматын тапшырган, анын 263 миңи – жашы жете электер. Жалпысынан мамлекет боюнча үч миллион 641 миң адам жеке маалыматын тапшыруусу каралган.

Шаикова кайсы аймак биометрикалык маалымат тапшырууда артта калганын айтып бере алган жок. 

"Болжолдуу түрдө биометрикалык маалымат тапшырууда Бишкек шаары менен Чүй облусу чабал болууда", — деди чиновник.

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, борбор калаада 483 миң шайлоочу биометрикасын тапшырган, бул жалпы жашоочулардын 75 пайызын түзөт.

Биометрикалык маалымат иш күнү аяктагандан кийин да кабыл алынат
Кулматов ишти күчөтүү максатында жаңы конуштарда жана эл көп чогулган жерлерде кошумча пункттар ачылганын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Темир Сариев алдыдагы боло турган парламенттик шайлоо жана биометрикалык маалымат тапшыруу, шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо боюнча калк арасындагы түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи. 

Мындан тышкары, өкмөт башчы маалымат кампаниясынын өткөрүүдө жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталган. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. 

Жаңылыктар түрмөгү
0