Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары ант берди

© flickr.com / U.S. Department of StateШейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары ант берди
Шейла Гуолтни АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары ант берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчинин орду 2014-жылы мөөнөтү аяктаган элчи Памела Спратлендин кетиши менен бош калган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Шейла Гуолтни ант бергени элчиликтин Facebook тармагындагы баракчасында айтылат.

Августтун башында АКШ сенаты бир жыл мурун президент Барак Обама тарабынан сунушталган Гуолтнинин талапкерлигин колдоп берген.

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ сенаты Кыргызстандагы элчисине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин колдоду
Азырынча чиновник Кыргызстанга качан келери белгисиз. Элчинин орду 2014-жылы мөөнөтү аяктаган элчи Памела Спратлендин кетиши менен бош калган. Ал АКШнын кызыкчылыгын Өзбекстанда коргомой болгон. 2015-жылдын февраль айында АКШнын КРдеги убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган

Февралда Шейла Гуолтниге карата Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги агреман берүүдөн баш тартканы боюнча маалымат ЖМКларга чыккан. Бирок министрлик бул маалыматты ошол эле күнү төгүндөгөн.

Шейла Гуолтни 1999-2001-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жооптуу кызматтарды ээлеген. Үч континенттеги беш мамлекетте 25-жылдан ашык иштеген.

Ошондой эле Россияда алты жыл иштеп, АКШнын Санкт-Петербургдагы башкы консулу болгон. Кийин Москвадагы элчинин жардамчылык милдетин аркалаган. 2014-жылдын февраль айынын соңунда Россияга каршы санкциялар башталганда, ал АКШнын Россиядагы убактылуу элчиси болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0