БШК: Мелис Мырзакматов шайлоого катышпайт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Мелис Мырзакматов. Архив
Мелис Мырзакматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шайлоого аттанган 2267 талапкердин тизмесин БШК менен ИИМ текшерип жатат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы ишембиде же келерки аптанын башында партиялардын тизмесин шайлоого расмий каттаган учурда "Ата Мекен" партиясынан Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин алып салат. Бул туурасында БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Акматовдун айтымында, "Ата Мекен" партиясынан параламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесинде үчүнчү болуп турган Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов тизмеден алынат.

"Мырзакматов тизмеден кетет, анын соттолгондугун баары билет, сот чечими күчүнө кирди да. Мындай маалыматты Ички иштер министри деле берет да", — деди Акматов.

ИИМ "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Сатыбалдиевге издөө жарыялады
Бишкек шаарында өткөн съездинде "Ата Мекен" партиясы Мырзакматовду партиянын талапкерлеринин ичинен тизмеге үчүнчү кылып киргизген.  "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери күздө болуучу парламенттик шайлоого "Ата Мекенден" катышмай болгон.

Ош шаардык соту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген күнөө менен Мелис Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Экс-мэр өлкөдөн чыгып кеткендиктен, ал кыргыз бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган. 

Акматов аталган партиянын тизмесинде 64-сапта турган Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абал актыларын жана калкты каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев тизмеде кала бере тургандыгын айтты.

"Дүйшөн Сатыбалдиевге иш козголгону менен, соттолгон жок, ал тизмеде кала берет. Тергөө жүрүп, аныкталганга чейин дагы бир нече убакыт өтсө керек", — деди Акматов.

Учурда шайлоого аттанган 2267 талапкердин тизмесин учурда БШК менен ИИМ текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0